Ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндиги

Wikipedia дан

Ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндиги – адамдын негизги жеке укуктарынын бири. Мамлекеттин баардык аймагында эч жолтоосуз ары-бери жүрүү, жайгаша жана жашай турган жерин тандоо, ошондой эле мыйзамдын бир катар талаптарын сактоо менен, мамлекет аймагынан чыгып кетүү жана ага кайрылып келүү мүмкүнчүлүгүн билдирет. Адамдар өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндигин толугу менен пайдалана алат. Ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндигин мындай толук көлөмдө жарандар өзү жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында гана пайдаланат. Чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдардын ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндиги адатта кыйла чектелген мүнөздө болот, бирок баары бир тийешелүү мамлекеттин аймагын өзалдынча таштап кетүү укугун жокко чыгарууга тийиш. Бирок, демократиялык өлкөлөрдө жарандарга карата биркатар чектөөлөр бар. Көпчүлүк мамлекеттерде аскердик, экономикалык, жаратылышты коргоо ж. б. сыяктуу маселелерге, ошондой эле жеке ээликтеги жерге кирүүгө тыюу салынгандыгына байланыштуу кыйла аймактарда эркин жүрүүгө чектөө коюлган. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жүйөсү боюнча да жарандардын өз өлкөсүнөн чыгып кетүүсүнө чектөө салынышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаал учурунда дагы ары-бери жүрүү жана отурукташуу эркиндигине чектөө коюлушу мүмкүн.[1]


Шилтемелер[оңдоо]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7