Асанбай Каримов

Википедия дан

Каримов Асанбай (1892, Сузак району - 1973, ошол эле жер) - кыргыздын туңгуч чоорчуларынын бири.

Залкар чоорчу Нарбайдын шакирти. 1907-ж. Фрунзеге келип, Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын алтын фондуна 25тен ашык, композиторлор союзунун фольклордук кабинетине 17 күү жаздырган. Элдик «Сарбос күү», «Узак күү», «Карагул менен Сарыгул ботом», «Арман күү», «Жетим бала», «Чыйбылдын кызынын кошогу», «Койчулардын коңур күү» ж. б. күүлөрдү өтө жогорку чеберчиликте тарткан.

Өзү да «Кызыл конуш», «Келин көчүрүү», «Ат келди», «Дарбаз күү» ж. б. күүлөрдү да чыгарган. Каримовдун радио телеберүүлөрүнөн концерт бериши чоор өнөрүнүн жанданышына, өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Каримов аткаруучулук чеберчилигин Нарбайдай залкар чоорчу, атактуу акын Барпы жогору баалашкан. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.