Асбест

Википедия дан

Асбест (гр. asbestos - өчпөс, талкаланбас) - силикаттар классындагы серпентин жана амфибол топторуна кирүүчү ичке, ийилчээк тал-тал булалардан турган минералдардын жалпы аты. Серпентин тобундагы минерал хризотил - асбест деп аталат. Химиялык формуласы Mg6[Si4O11] (OH)3. Өңү жашыл сымак боз, жибектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2-2,5. Буласы ийилчээк, эң бышык, отко чыдамдуу, узундугу 1-2 ммден 50 ммге чейин. Кендери гидротермдик эриндилердин магнийге бай ультранегиздүү тоотектерге тийгизген таасиринен пайда болот. Ири кендери Уралда (Сысерт), Казакстанда (Жетикара), Тувада (Акдовурак) ж. б. жерлерде табылган. Амфибол - асбест амфибол тобуна кирет. Буласы өтө ичке, узундугу 5 смге жетет. Кендери метаморфизмделген тоотектер орун алган жерлерде жолугат. Асбест кислоталарга, жегичтерге туруктуу, отко чыдамдуу, жылуулукту өткөрбөөчү буюмдарды жасоодо, пластмасса менен асбест цементин ж.б. даярдоодо жана химия өнөр жайында кеңири колдонулат. Кыргызстанда бир нече асбест кендери бар: Үкөк (Нарын облусу), Кан, Шуран (Ош облусу), Каркыра (Жалал-Абат облусу).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1