Асел Кадырбекова

Википедия дан
Асель Кадырбекова‎»‎ барагынан багытталды)
Асел Кадырбекова
Туулган датасы

19 -март 1991(1991-03-19) (33 жаш)

Туулган жери

Кара-Суу району, Ош облусу, Кыргызстан

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, теле алыпбаруучу

Жанрлары

эстрада

Активдүү жылдары

2010 — азыркы учурда

Кызматташтык

Нурлан Насип

Super.kg: ID 533

Асел КадырбековаКыргызстандык ырчы жана теле алыпбаруучу. Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжди аяктап, ОшМУдагы Юридикалык факультетке тапшырган. Алгач 2010-жылдары "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чоң сахнага чыккан.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Билими:

  • Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжинде билим алган;
  • Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде окуган.

Чыгармачылыгы:

  • 2010-жылдары сахнага "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чыккан.
  • Репертуарында "Кыя албайм", "Эркелет", "Жаныңда болсо дейм", "Жаз жамгыры" аттуу ырлары бар.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. Ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Алардын үйлөнүү тою 2018-жылы 25-апрелде болгон[1]. 2019-жылы 27-мартта кыздуу болушкан. Ага Дария деген ысым коюшкан.

Асел жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Жол кырсыгы 2020-жылы 26-июнда, саат 15:47 де Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ЫАТ) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен биринчи автокөлүктөн бир, экинчи автоунаадан эки кишинин жабыркаган[2].

Ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

# Ырдын аталышы Жылы Дует
1 Жаным 2012 -
2 Кеттиң башкага -
3 Жаз -
4 Роза гүлү -
5 Сен Баястан
6 Башканы жаным дебе 2016 -
7 Сага айтайын 2017 -
8 Самап келем Кундуз Канатбек кызы
9 Таттуу Махаббатым (актриса клипа) Нурлан Насип
10 Кыйбаймын 2018 -
11 Ашык болуу 2018 Нурлан Насип
12 Бактылуумун 2018 -
13 Бакытымсың 2018 Нурлан Насип
14 Телефон 2019 -
15 Ырдалып бүтпөт махабат (Ремейк) 2019 Нурлан Насип
16 Тамашалуу ыр (Ремейк) 2019 Нурлан Насип
17 Жаз жамгыры (Ремейк) 2019 -
18 Бишкек-Ташкент 2019 -
19 Кимди сүйөсүң? (Ремейк) 2020 Нурлан Насип
20 Ак куу (Ремейк) 2020 Нурлан Насип


Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Асель Кадырбекова и Нурлан Насип: биография и песни звездной пары, фото (ru-RU). Личная жизнь, семья и биография звезд (6 -август (баш оона) 2019). Текшерилген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2020.
  2. Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова комада жатат (Ky). Sputnik Кыргызстан (27 -июнь (кулжа) 2020). Текшерилген күнү 28 -июнь (кулжа) 2020.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]