Асел Кадырбекова
| Туулган датасы | |
|---|---|
| Туулган жери | |
| Өлкө | |
| Кесиптери |
ырчы , теле алыпбаруучу |
| Жанрлары | |
| Активдүү жылдары |
2010 — азыркы учурда |
| Кызматташтык | |
| Автографы |
[[Файл:|150px]] |
Асел Кадырбекова — Кыргызстандык ырчы жана теле алыпбаруучу. Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжди аяктап, ОшМУдагы Юридикалык факультетке тапшырган. Алгач 2010-жылдары "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чоң сахнага чыккан.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн.
Билими:
- Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжинде билим алган;
- Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде окуган.
Чыгармачылыгы:
- 2010-жылдары сахнага "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чыккан.
- Репертуарында "Кыя албайм", "Эркелет", "Жаныңда болсо дейм", "Жаз жамгыры" аттуу ырлары бар.
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү. Ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Алардын үйлөнүү тою 2018-жылы 25-апрелде болгон[1]. 2019-жылы 27-мартта кыздуу болушкан. Ага Дария деген ысым коюшкан.
Асел жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Жол кырсыгы 2020-жылы 26-июнда, саат 15:47 де Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ЫАТ) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен биринчи автокөлүктөн бир, экинчи автоунаадан эки кишинин жабыркаган[2].
Ырлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| # | Ырдын аталышы | Жылы | Дует |
|---|---|---|---|
| 1 | Жаным | 2012 | - |
| 2 | Кеттиң башкага | - | |
| 3 | Жаз | - | |
| 4 | Роза гүлү | - | |
| 5 | Сен | Баястан | |
| 6 | Башканы жаным дебе | 2016 | - |
| 7 | Сага айтайын | 2017 | - |
| 8 | Самап келем | Кундуз Канатбек кызы | |
| 9 | Таттуу Махаббатым (актриса клипа) | Нурлан Насип | |
| 10 | Кыйбаймын | 2018 | - |
| 11 | Ашык болуу | 2018 | Нурлан Насип |
| 12 | Бактылуумун | 2018 | - |
| 13 | Бакытымсың | 2018 | Нурлан Насип |
| 14 | Телефон | 2019 | - |
| 15 | Ырдалып бүтпөт махабат (Ремейк) | 2019 | Нурлан Насип |
| 16 | Тамашалуу ыр (Ремейк) | 2019 | Нурлан Насип |
| 17 | Жаз жамгыры (Ремейк) | 2019 | - |
| 18 | Бишкек-Ташкент | 2019 | - |
| 19 | Кимди сүйөсүң? (Ремейк) | 2020 | Нурлан Насип |
| 20 | Ак куу (Ремейк) | 2020 | Нурлан Насип |
Эскермелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Асель Кадырбекова и Нурлан Насип: биография и песни звездной пары, фото (ru-RU). Личная жизнь, семья и биография звезд (6 -август (баш оона) 2019). Текшерилген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2020.
- ↑ Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова комада жатат (Ky). Sputnik Кыргызстан (27 -июнь (кулжа) 2020). Текшерилген күнү 28 -июнь (кулжа) 2020.
