Асел Ногойбаева

Википедия дан

Асел Ногойбаева - мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеген Асел Ногойбаева 2023-жылы зордук-зомбулукка каршы күрөштүн символуна айланган. Социалдык тармактарда зомбулукту токтотууга чакырган "Мен Аселмин" деген хэштег менен флешмоб, акциялар, иш-чаралар өткөрүлгөн.[1]

Каргашалуу окуя[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап,кулак-мурдун кескилеп салган, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон[2]. 8 сааттык операцияны баштан кечирген Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып үйүнө чыгарылган. Дарыгерлер ага дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтышкан.[3]

Тергөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 2023 жылы “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.Мындай чечимге каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда чукул каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.

Судья Токтомаматов президенттин жарлыгы менен 1-ноябрда кызматтан алынган.

Башкы прокуратура Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген[4].

Коомдук реакция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асел Ногойбаеваны колдоо үчүн активисттер "Мен Аселмин" деген үй-бүлөлүк зомбулукка каршы флешмоб өткөрүшкөн[5]. Коомдук фонддор жана жаштар демилгелери Асел Ногойбаевага акча чогултуу максатында кайрымдуулук акцияларын өткөрүшкөн.[6]Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында Асел Ногойбаеванын окуясы өзүнчө талкууланган.[7]

Гүлзада Рыскулова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга колдоо көрсөткөн ырын тартуулады. "Асел Ногойбаеваны жана зомбулуктан жапа чеккен, турмуштук оор кырдаалга туш болгон бардык мекендештерди колдогум келет. Мен аларга айткым келет: "Биз силерге ишенебиз! Силер жалгыз эмессиңер!",[8]– деген Гүлзада Рыскулова.

Укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып,токтотуу талабын коюшкан.[9]

Биринчи айым Айгүл Жапарова Асел Ногойбаеванын абалын сурап барган. Бул туурасында президенттин жубайы соцтармактагы баракчасына жазган[10].

Асел Ногойбаеванын эжеси Диана Елькен Инстаграмда help.asel.rezerv баракчасын ачып, "Мурдагы аялынын кулагын жана мурдун кескен мыкачы өмүр бою эркинен ажыратылсын” деген петицияга кол топтой баштаган.[11]

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. Укук коргоочулар быйыл бул рейтингге Асел Ногойбаеванын окуясы да таасир эткенин белгилешкен.[12]

Үй - бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асел Ногойбаева 15 жана 10 жаштагы эки баланын энеси.[13]

Аселдин пландары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аселдин окуясынан кийин ондогон келиндер өздөрү кабылган зордук-зомбулук тууралуу жазышкан.«Жети аймактан аялдар жазып жатышты. Менин зомбулук көргөн аялдарга жардам берген фонд ачам деген тилегим бар. Өзүң кордук көргөндөн кийин, башкаларга жардам бербей коё албайт экенсиң", - деген Асел Ногойбаева

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Айгерим Акылбекова. Асел Ногойбаева: “20дай арыз жазылып, мени эч ким уккан эмес”. Азаттык, 26-Декабрь, 2023.https://www.azattyk.org/a/32746445.html
  2. ИИМге үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түштү. Азаттык, 13-Декабрь, 2023 https://www.azattyk.org/a/32728513.html
  3. Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел азыркы абалы тууралуу жазды. Азаттык. 10-Ноябрь, 2023https://www.azattyk.org/a/32679272.html
  4. Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Аселдин иши боюнча тергөө аяктаганы айтылды. Азаттык, 19-Декабрь, 2023. https://www.azattyk.org/a/32736692.html
  5. Наталья Шестакова. В Кыргызстане запустили флешмоб в поддержку Асель, которой отрезали нос и уши. kaktus.media, 24 октября 2023 https://kaktus.media/doc/489481_v_kyrgyzstane_zapystili_fleshmob_v_podderjky_asel_kotoroy_otrezali_nos_i_yshi_video.html
  6. "Нужна политическая воля". В Бишкеке прошло мероприятие по сбору средств для Асель. kaktus.media, 29 октября 2023 https://oper.kaktus.media/doc/489771_nyjna_politicheskaia_volia._v_bishkeke_proshlo_meropriiatie_po_sbory_sredstv_dlia_asel.html
  7. Адам укугу боюнча координациялык кеңеш Аселдин окуясын талкуулады. Азаттык, 4-Октябрь, 2023 https://www.azattyk.org/a/32622481.html
  8. Гүлзада Рыскулова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга колдоо көрсөткөн ырын тартуулады. kaktus.kg, 24-октябрь 2023 https://kaktus.media/doc/489520_gylzada_ryskylova_prezentovala_pesnu_v_podderjky_jenshin_postradavshih_ot_semeynogo_nasiliia.html
  9. Зомбулуктун азабы: ондогон аял көз жумду. ВВС Кыргыз кызматы, 1-январь 2024. https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/ckv4j145gn8o
  10. Айгүл Жапарова кулак-мурду кескиленген Аселден кабар алды. Reporter.kg, 7.11.2023  https://reporter.kg/ajgyl-zhaparova-kulak-murdu-keskilengen-aselden-kabar-aldy/
  11. Резал нос и уши на глазах у сына. Сестра жертвы рассказала жуткие подробности. 24kg, 21 сентября 2023.https://24.kg/proisshestvija/275658_rezal_nos_iushi_naglazah_usyina_sestra_jertvyi_rasskazala_jutkie_podrobnosti_/
  12. Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел азыркы абалы тууралуу жазды. Азаттык, 10-Ноябрь, 2023.https://www.azattyk.org/a/32679272.html
  13. Резал нос и уши на глазах у сына. Сестра жертвы рассказала жуткие подробности. 24.kg, 21 сентября. https://24.kg/proisshestvija/275658_rezal_nos_iushi_naglazah_usyina_sestra_jertvyi_rasskazala_jutkie_podrobnosti_/