Зомбулук

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Зомбулук — Бир адамдын кепилденген жарандын жеке колтийбестик укугун бузууга экинчи адамдын психикалык жана денебоюна таасир этүүсү. Денебойго зомбулук адамдын организмине түздөнтүз залал келтирүүдөн: уруп-согуудан, денесине жаракат келтирүүдөн, аркыл ыкмалар менен жабыркатуудан (анын ичинде кандайдыр бир заттарды жана нерселерди колдонуу менен) ж. б. көрүнөт. Психикалык зомбулук жабырлануучунун каршылык көрсөтүүгө эркин майтаруу үчүн адамды психикасына коркутуу менен таасир этүүдө (атап айтканда, уруп-согуу опузасы менен) жатат. Зомбулук кылмыш кылуунун ишти оорлотуучу (өзгөчө мыкаачылык менен кылмыш жасоодо же жабырлануучуну мазактоо менен) жагдайы, болбосо кылмыш курамынын конститутивдик (жиктелүүчү) белгиси (м.: зордуктоодо) болуусу мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасы боюнча зомбулук – «реалдуу же коркутуу жолу менен физикалык күчтү же бийликти атайылап колдонуу, анын натыйжасы денеге залал келтирүү, өлүм, психологиялык травма, өнүгүүнүн четтөөлөрү же ар кандай зыяндарга алып келиши мүмкүн».[1]

Тарыхта[оңдоо | булагын оңдоо]

Зомбулук – бирөөнүн үстүнөн башка бирөөлөрдүн үстөмдүк жүргүзүүсүнөн пайда болгон коомдук теңсиздиктин идеалистик теориясы. Дюринг таптардын пайда болушун коомдогу бир бөлүктүн башкаларына зомбулук көрсөтүүсү менен (ички зомбулук) байланыштырган; австралиялык социолог Л. Гумплович (1838–1909), ошондой эле К. Каутский жана башка таптардын жана мамлекеттин пайда болушунун чечүүчү ролу алдуу уруулардын алсыздарын кулдандыруусу болгон деп эсептешет. Тарыхый материализм коомдук турмуштун өнүгүшүндө зомбулук жөнүндө жобонун чечүүчүлүгүн илимге каршы мүнөзүн ачып, коомдун өнүгүшүнүн аныктоочу негизи материалдуу өндүрүш экендигин далилдейт. Ошону менен бирге эле ал тарыхтагы зомбулуктун ролун танбайт; социалдык революциянын мезгилинде тарыхый зарылчылыкты ишке ашыруунун маанилүү формасы болуп эсептелет. Азыркы учурда Зордук-зомбулук идеясын «күчтүүлөр позициясы» саясатын негиздөө үчүн, жарыша куралданууну, жаңы согуштарды даярдоо үчүн пайдаланышат.[2]

Согуштун келип чыгуусу адамзат отурукташып калган мезгилде чыккан. Кээ бир окумуштуулар адамдар зомбулукка жакын болушу мүмкүн деп болжолдошот (шимпанзелер жана башка адам сымал маймылдар тамак-аш сыяктуу ресурстар үчүн атаандаш топтордун мүчөлөрүн өлтүргөнү белгилүү). Бирок адамдар арасындагы көп масштабдуу, милитаристтик, үзгүлтүксүз зордук-зомбулук адамзат тарыхынын көпчүлүк бөлүгүндө болгон эмес жана биринчи жолу салыштырмалуу жакында, голоценде башталган деп документтештирилген, кыязы, отурукташкан жашоонун натыйжасында калктын санынын жыштыгынан болсо керек.

Социалдык антрополог Дуглас П. Фрай окумуштуулардын мындай чоң даражадагы зомбулуктун, башкача айтканда, согушуу жүрүм-турумунун келип чыгышы боюнча кайчы пикирлерин жазат:

Бул темада негизинен эки мектеп бар.

  1. Согуш жок эле дегенде, биринчи толук заманбап адамдардын дооруна, ал тургай андан мурун гоминиддердин тукумундагы ата-бабалардын приматтарына таандык деп эсептелет.
  2. Согуш адамдардын маданий жана биологиялык эволюциясында аз кездешет. Согуш маданий горизонтто кеч пайда болуп, өтө спецификалык материалдык шарттарда гана пайда болот жана акыркы 10 000 жылда айыл чарбасы өнүгө электе адамзат тарыхында өтө сейрек учурайт.

Иллинойс университетинин кызматкери Лоуренс Х.Кили «Цивилизацияга чейинки согуш» аттуу эмгегинде уруулук коомдордун 87%ы жылына бир жолудан көп согушканын жана алардын 65%ы тынымсыз согушканын жазат. Бул чакан топтордун же уруулардын «алгачкы согушу» жашоого болгон негизги муктаждыктан жана катуу атаандаштыктан келип чыккан.[3]

Түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Зомбулуктун физикалык, сексуалдык, психологиялык, санариптик, экономикалык жана башка түрлөрү бар. Бул зордук-зомбулук адам бийликке жетүү жана өнөктөшүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн колдонуучу жүрүм-турум үлгүлөрү болгондо көрүнөт.[4]

Физикалык зомбулук[оңдоо | булагын оңдоо]

Физикалык зордук-зомбулук катары төмөнкү учурлар саналат:[5]

  • уруп-согуу же түртүү;
  • үйдөн чыгарбоо же үйгө киргизбөө;
  • өлтүрөм деп коркутуу ден соолукка, коопсуздукка же өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарды атайылап түзүү;
  • алкоголь ичүү же баңгизаттарды пайдаланууга мажбурлоо;
  • тамак ичирбөө, эс алууга же уктоого жолтоо кылуу;
  • күч колдонуу, коркутуу, алдоо аркылуу өлкө ичинде жүрүүгө же чет өлкөгө чыгууга мажбурлоо.

Физикалык зомбулук зордук-зомбулук көрсөткөн адам жабырлануучунун аракеттерин көзөмөлдөө үчүн колдонгондо болот. Адатта, жабырлануучунун денесинде көзгө көрүнгөн издер бар. Зордук-зомбулук көрсөткөн адам жабырлануучуну үйүнө камап, тамак-аштан, дары-дармектен же уйкудан ажыратышы мүмкүн.

Узак мөөнөттөгү зомбулук физикалык жана психикалык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн, мисалы, депрессия, жүрөк оорулары, дем алуу органдарынын оорулары, травмадан кийинки стресс, тынчсыздануу.[6]

Психологиялык[оңдоо | булагын оңдоо]

Психологиялык зомбулук:[7]

  • системдүү түрдө басынтуу-кордоо же манипуляциялоо;
  • сөз, ымдоо-жаңсоо, мимика аркылуу ызалантуу, таарынтуу;
  • артынан түшүү, көзөмөлдөө, коркутуп-үркүтүү;
  • негизсиз эле сындоо, сезимдерди, ойлорду, каалоо-ниеттерди тоотпоо;
  • опузалоо.

Психологиялык зордук-зомбулукту аныктоо кыйын, анткени ал эч кандай заттык далилдерди келтирбеген кыянаттык менен колдонууну камтыйт. Бул кимдир бирөө көзөмөлдү алуу үчүн жеке адамга карата коркутуу жана коркуу сезимдерин колдонгондо болот. Психологиялык зомбулук эмоционалдык же оозеки кордоонун элементи катары киргизилиши мүмкүн.

Экономикалык[оңдоо | булагын оңдоо]

Экономикалык зомбулук катары төмөнкүлөр эсептелет:[8]

  • турак жайдан, кийим-кечеден, башка мүлктөрдөн же акчадан атайылап ажыратуу;
  • акчага жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө;
  • кайырчылык-тилемчилик кылууга мажбур кылуу;
  • иштегенге же окуганга уруксат бербөө;
  • акча же мүлк менен опузалоо.

Мында агрессор адамдын финансы каражаттарын көзөмөлдөп, дайыма отчет берүүнү талап кылат. Зордук-зомбулук көрсөткөн адам эсеп ачып же насыя карталарын алып, жабырлануучунун атынан карыз топтойт же жөн гана жубайлардын жумушка орношуусуна жана иштеп акча табышына жол бербейт.[8]

Репродуктивдик[оңдоо | булагын оңдоо]

Репродуктивдик зомбулук – репродуктивдик ден соолукка байланыштуу чечимдерди кабыл алууга тоскоол болгон жүрүм-турумдардын жыйындысы. Репродуктивдик зомбулук жубайы, интимдик же романтикалык өнөктөш, ата-энелер же кайын журт тарабынан да жасалышы мүмкүн.

Репродуктивдик зомбулуктун үч түрү бар, анын ичинде кош бойлуулукка мажбурлоо, котрацептивдик саботаж жана кош бойлуулуктун жыйынтыгын көзөмөлдөө. Изилдөөлөр репродуктивдик зомбулуктун негизги 2 түрүн аныктаган. Вербалдуу саботаж – контрацепттик каражаттарды колдонбоого оозеки же эмоционалдык басым жасоо. Жүрүм-турумдук саботаж – контрацепттик каражаттарды колдондурбоо үчүн күч колдонуу же өнөктөштү сактануусуз секске мажбурлоо.[8]

Эмоционалдык зомбулук же манипуляция[оңдоо | булагын оңдоо]

Эмоционалдык зордук-зомбулук, кимдир бирөө башка бирөөнү акылсыз же эч нерсеге жарабаган адамдай сезүү үчүн бир нерсе сүйлөгөндө же кылганда болот. Эмоционалдык оору – мамилелерде кеңири жайылган нерсе; мамилелердеги уруштарга же жагымсыз окуяларга жооп катары терс эмоцияларды сезүү адамга мүнөздүү. Бирок сезимдерге, ойлорго жана эмоцияларга өнөктөш дайыма коркунуч туудуруп жаткандыгын сезүү ден соолукка туура келбейт. Эмоциялык кыянаттык - сезимдерди билдирүү укугунан баш тартуу. Бул адамдын эң маанилүү баалуулуктарын жана ишенимдерин бузуу же шылдыңдоо.

Сексуалдык[оңдоо | булагын оңдоо]

Сексуалдык зордук-зомбулуктун учурлары:

  • зордуктоо;
  • дененин интимдик бөлүктөрүнө эркке каршы тийүү, кармалоо;
  • бойдон алдырууга же кош бойлуу болууга мажбур кылуу;
  • сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоо;
  • башка адамдар менен секске мажбурлоо;
  • зордукчулдун жыныстык актысын карап турууга мажбурлоо.[9]

Сексуалдык зомбулук же зордуктоо – бир же бир нече адамдын башка адамдын эркине каршы аны менен жыныстык катнашка барган зомбулук түрү. Адатта, зомбулуктун мындай түрүндө адам психологиялык жактан катуу жабыркап, аң-сезимине жана дене-боюна катуу доо кетет.[10] Көбүнесе, зордуктоо Мен-концепциясына жана бүтүндөй жашоо ыңгайына олуттуу кедергисин тийгизген кризис менен коштолуп, оор эмоционалдык кесепеттерге алып келет.[11] Адамдын психикалык саламаттыгына келтирилген оор кесепеттердин бири - жаракаттан кийин келип чыгуучу стресстик бузулуу (посттравматическое стрессовое расстройство (ПТСР)). Жаракаттан кийин келип чыгуусу стресстик бузулууну шарттаган нерсени көрсөтүү үчүн, Америкалык психологиялык ассоциациянын психикалык бузулуулардын классификациясында зордукталгандан кийин келип чыккан жаракат синдрому белгиленген. Пекин иш-аракеттер платформасынын "Аялдар жана куралданган чыр-чатак" бөлүмүндө согуш учурунда жасалган сексуалдык зордуктоого өзгөчө көңүл бурулат.[12]

Зордуктоодон кийин келип чыгуучу жаракат синдрому жаракаттан кийин келип чыгуучу стресстик бузулуунун формасы катары каралып,[13] ал сексуалдык зомбулуктан жабырланган адамда пайда болот. Зордукталган аялда дене-боюна, эмоционалдык жана когнитивдик абалына, ошондой эле жүрүм-турумуна катуу доо кетет.[14] Жаракат алгандан кийин келип чыгуучу стресстик бузулууга зордукталган аялдардын дээрлик 80% дуушар болушу мүмкүн деп божомолдонсо, ал эми согуш аракеттеринен улам жарадар болгон адамдардын 24-60% гана дуушар болушу мүмкүн (ар кандай факторлорго жараша).[15] Согуш аракеттери жүрүп жаткан мезгилдеги зордуктоодон кийин келип чыккан олуттуу кесепеттердин себептери - жабырлануучунун өч ала албагандыгы, жабырлануучулардын көпчүлүгүнө мүнөздүү болгон сенейүү реакциясы, ошондой эле жаракаттан кийин келип чыгуучу стресстик бузулуу синдромунун өзүн күнөөлүү сезүү жана уялып-кысылуу сезимдери менен коштолушу.[16]

Эгер зордукталган адамдын дене-боюна жаракат келтирилип, аны бир нече адамдан турган топ зордуктаган болсо, анын жаракат алгандан кийин келип чыгуучу стресстик бузулууга кабылуу мүмкүнчүлүгү жогору. Зордуктоо маселесин изилдөөдө колдонулган феминисттик ык-амалдын авторлорунун айтымында (Susan Brownmiller, Schwendinger J & Schwendinger H. ж.б.), патриархат коомунда аял инсандар ортосундагы мамилелерде тең укукка ээ эмес. Мындай коомдо аялга менчик буюмдай мамиле жасалат

  • Бул теория боюнча зордуктоо – сексуалдык каалоодон улам эмес, эркектин аялдын үстөмдүк кылуу ниети менен жасалган «жалган сексуалдык аракет», ал эми сексуалдык жакындык жана аялды пайдалануу эркектин үстөмдүк позициясын сактоо аракети катары каралат.[17] Согуш аракеттери жүрүп жаткан мезгилдеги зордуктоолор төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт:[18]
  • бул коомдук окуя. Душмандын кыз-келиндерин мазактоо баскынчынын жеңишин айгинелей тургандыктан, жеңишке ээ болгон тарап ашкере мыкаачылык менен кыз-келиндердин чачтарын өрттөп, дене-боюн кескилеп, колу-буттарын аркан же чынжыр менен байлап, өлтүрүп, үрөй учурган жосундарды жасайт.
  • жапырт аракет. Согуштун моралдык кодексин так аткарып, бир максатты көздөгөн жаштар бардык нерсени чогуу-чаран жасашат.
  • аялдарды зордуктагандан кийин дароо өлтүрүү. Ошол эле согуш кодекси боюнча аял сыйга татыктуу душман эмес: аял пайдалануу, көзөмөлдөө жана жек көрүү үчүн керек.

Зордуктоодон кийин тирүү калган аялдын жаракаттарын туруктуу мүнөздө сапаттуу каражаттар жана ыкмалар менен дарылаган учурда да, анын кесепеттери ондогон жылдар бою сакталып кала берет.[8] Мындай кесепеттердин катарына: зордук-зомбулукка дуушар болгондон кийин адамдын инсандык сапаттарынын өзгөрүшү (өнөкөт түрдө); өнөкөт ооруксунуу белгилери сыяктуу ар кандай соматоформдук белгилер; диссоциативдик белгилер; мезгил-мезгили менен албууттануу, эркек менен жакындашуудан коркуу сезимдери кирет.

Кыргызстанда бир катар зордуктоо учурлары саясий окуяларга байланыштуу болгон. 2005- жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөр, 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн куралданган чыр-чатакта көптөгөн кыз-келиндер зорбук-зомбулукка дуушар болушкан.

Ошол мезгилде Бишкек шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы кризистик борборлордун берген статистикалык маалыматы боюнча, Ош окуялары болуп жаткан мезгилде жана аяктагандан кийин кризистик борборлорго жардам сурап кайрылган аялдардын саны 300 ашып кеткен, алардын баары зордук-зомбулуктан жабыр тартышкан. Бирок бул бери жагы эле. Зордук-зомбулуктан жаракат алып, оор стресстик бузулууга кабыл болуп, бирок жардам сурап кайрылышпаган кыз-келиндер канча?

2010-жылдагы окуяларда зордуктагандар да, зордукталгандар да эки этностук топтун өкүлдөрү болушкан. Жардам сурап кайрылышкан кыз-келиндердин көпчүлүгү этек-жеңи узун көйнөктөрдү кийип, жоолукчан болгондуктан, аларды эркектерди өзүлөрү азгырган жеңил ойлуу аялдар деп айтууга болбойт. Тескерисинче, алар көзгө чалдыкпаганга аракет кылышкан. Зордуктоо фактылар боюнча 7 жазык иши козголгон. Ал эми калган зордуктоо окуялары жазаланбай калган, себеби жабырланган кыз-келиндер укук коргоо органдарына кайрылуудан баш тартышкан.

Жаракат алгандан кийин келип чыгуучу стресстик бузулуу белгилери июнь окуяларында зордукталган жана кризистик борборлорго жардам сурап кайрылган аялдардын дээрлик баарында ар кандай деңгээлде байкалган.

Маданий[оңдоо | булагын оңдоо]

Маданий зомбулуктун астында Й.Гальтунг маданияттын дин жана идеология, тил жана искусство, эмпирикалык жана формалдуу илим (логика жана математика) тарабынан чагылдырылган биздин жашообуздун символдук чөйрөсүн негиздөө жана мыйзамдаштыруу үчүн колдонула турган аспектилерин кароону сунуш кылат. Маданий зомбулук түздөн-түз жана структуралык зомбулукту адилеттүү, же жаман эмес иштей сезилтет жана кабыл алынат.

Кибербуллинг[оңдоо | булагын оңдоо]

Кибербуллинг - бүгүнкү күндө онлайн чабуулдардын эң кыйратуучу түрлөрүнүн бири, анткени кол салгандар кээде жабырлануучунун өзүно ишенбестигин эң чоң психологиялык травма жана басынтуу максатында колдонушат. Кибербуллинг, адатта, жабырлануучуга коркунучтуу билдирүүлөрдү жөнөтүүдө же социалдык тармактарга кемсинткен сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялоодо, ал тургай, басмырлоочу маалыматы бар жасалма веб-сайттарды түзүүдөн көрүнөт. Анын кесепеттери көбүнчө кайгылуу же өлүмгө алып келет.

Кароосуздук[оңдоо | булагын оңдоо]

Балдарга карата зордук-зомбулук физикалык зомбулукту же сексуалдык зомбулукту гана билдирбестен, кайдыгерликти жана психологиялык зомбулукту да камтыйт. Коммерциялык эксплуатация, кароосуздук же эмоционалдык кайдыгерлик сыяктуу башка аракеттер да балдарга зомбулук көрсөтүү катары каралат.

Үй -бүлө мүчөсү балага туура кам көрбөгөндө кароосуздук болот. Бул жоопкерчиликтин жоктугу, анын негизги муктаждыктары жабылбаган баланын же өспүрүмдүн негизги камкордугуна көңүл бурулбайт.

Кээ бир конкреттүү мисалдарды келтире турган болсок, жашы жете электи карабаса, мектепке жөнөтпөсө, туура тамактанбаса, туура кийинбесе же медициналык кароого же консультацияга алынбаса, шалаакылык болот.

Зомбулук цикли (айлампасы)[оңдоо | булагын оңдоо]

Зомбулук айлампасынын төрт этабы.

Зордук-зомбулуктун цикли - бул Ленор Эдна Уокер[en] тарабынан иштелип чыккан теория. Бул теория коомдо жана тарыхта болуп жаткан окуялар жана этаптар адатта циклдик түрдө кайталанып тураарын айтып, коомдук циклдин теориялары деп аталат, мында адамдардын ортосундагы мамилелерде зомбулук аракеттеринин циклдүүлүгү сүрөттөлөт.

Цикл, адатта, төмөнкү тартипте болот: күчөгөн чыңалуу, зордук-зомбулук, элдешүү же "бал айы", бейпилдик. Катышуучулардын бири аны токтотмоюнча кайталанат. Көбүнчө бул цикл мамиледен чыгуу менен гана бузулушу мүмкүн,[19] бирок кыянаттык кылуучунун жүрүм-турумунун түшүнүксүздүгүнө байланыштуу жабырлануучу муну кандайдыр бир тышкы кийлигишүүсүз жасай албайт.[20] Цикл көп жолу кайталанышы мүмкүн, толук цикл бир нече сааттан бир жылга же андан көп убакытка созулушу мүмкүн. Бирок, адатта, циклдин узактыгы убакыттын өтүшү менен азаят, андыктан “элдешүү” жана “тынчтануу” этаптары толугу менен жоголуп кетиши мүмкүн, ошентип, зомбулук күчөп, циклдер тез-тез болуп калат.[20]

Көмөктөшүүчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көпчүлүк учурда өлкөнүн жашоо деңгээли, маданияты, дини, коомдук көз караштары таасир этет. Зомбулук муундан муунга өтүшү мүмкүн, себеби зомбулукту көргөн балдар муну кадыресе көрүнүш катары кабылдашы ыктымал.[21] Зордук-зомбулукка туш болгондор физикалык жактан жабыркап, ачуулуу болуп, ден соолуктун өнөкөт көйгөйлөрүнө кабылышат, психикалык абалы бузулуп, каржылык көйгөйлөр жаралып, башкалар менен мамиле түзүүдөн коркуп калышы мүмкүн. Зомбулук көп орун алган үй-бүлөлөрдө жашаган балдар жаш кезинен эле психологиялык көйгөйлөргө дуушар болушат: башкалардан качып, бир нерседен бат коркуп, ачуусу бат келет, бул зыяндуу психологиялык травмага алып келиши мүмкүн.[22] Үй-бүлөдөгү зомбулукка карата социалдык көз караштар адамдарга, айыл, регион, шаарларга карап өзгөрөт. Батыштан тышкаркы көптөгөн жерлерде бул түшүнүк өтө начар деңгээлде. Биринчилерден болуп буга себеп – аларда күйөөсүнө караганда аялдын орду төмөн каралып, ага баш ийип турат деген көз караш калыптанган, мыйзамдарында да мүмкүндүк берилген. Алсак, Йеменде нике жөнүндөгү жоболордо аял күйөөсүнө баш ийиши керек, анын уруксатысыз сыртка чыкпаш керек деп жазылган.[13]

Зомбулуктун кандай түрү болбосун себепчиси катары аны кадимки көрүнүш катары кабыл алуу эсептелет. Психоактивдүү заттарды ашыкча колдонуу, жумушсуздук, психикалык оорулар, кыйынчылык менен күрөшүүнүн жолун билбөө, зомбулук көрсөткөн адамга көз каранды болуу кийинки себептери болуп саналат.[23]

Консервативдик маданияттарда аялы ачык кийинип алса күйөөсү, туугандары тараптан зомбулукка туш болушу мүмкүн. Бул көпчүлүктүн ою боюнча туура деп саналат: Ооганстанда аялдардын 62,8%ы эшерде туура эмес кийинип алышса күйөөсү сабаганга укуктуу дешкен.[24]

Азиянын бөлүктөрүндө уулдуу болуу артыкчылык катары саналып, кыз төрөлүп калса аны жерип, ата-энеси, туугандары тараптан жаман мамиле жасалып, зордук-зомбулукка барышат. Мындай өлкөлөрдүн каада-салттарында турмушка чыгып жаткан кыздын же аялдын кыздыгы бар-жогуна катуу маани берилип, талапка жооп бербеген аялдарга зомбулук көрсөтүлөт; этек кири келип жатканда коомдон оолак болууга түртөт; жыныстык органдарына жаракатка учураткан учурлар бар; зордуктоосун “жубайлардын укугу” деп ойлойт; “үй-бүлө намысы” жогору коюлат.[16] ЮНФПА: “Кээ бир өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялды уруп-сабоо, ар-намысты өлтүрүү, аялдардын жыныстык органдарына операция жасатуу/бычып салуу жана сеп үчүн өлтүрүү сыяктуу аялдарга зыян келтирилген иштерди күнүмдүк тартиптин бир бөлүгү катары каралат”,- деп жазат.[25]

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги макала: Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук – бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн башкасына карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысым колдонушу. Кеңири мааниде үй-бүлөлүк зомбулук балдарга, ата-энелерге же кары-картаңдарга карата зомбулукту да камтыйт. Үй-бүлөлүк зомбулук жабырлануучунун макулдугуна, эркине жана кызыкчылыктарына карама-каршы келип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин белгилүү бир максатта жүзөгө ашырылган эмоционалдык же күчтөп мажбурлоосу/аракети. Зомбулуктун башка түрлөрүнөн негизги айырмачылыгы жакын же үй-бүлөлүк мамиледе болгон адамдардын ортосунда гана болот.[26] Негизинен зордук-зомбулук көрсөтүп жаткандар жабырлануучунун үстүнөн бийлик жүргүзүп, башкарып, көзөмөлгө алууну көздөйт.[27] Дүйнөдө зордук-зомбулукка көпчүлүк учурда аял кишилер кабылышат.[28] Көпчүлүк адамдар ырайымсыз мамилени, зомбулукту үй-бүлөдөгү чыр-чатак деп кабыл алып, жабырлануучулар (аял, эркекине карабай) бардык убакта укук коргоо органдарына кайрыла бербейт.[29] Ал эми зомбулук жасап жаткан адам кылгандарын туура деп ойлоп, актоого боло турган көрүнүш катары кабылдайт, башкалар да ага көз жумушат. Бул балдар жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда зомбулуктун кайталанышына, күчөшүнө алып келиши мүмкүн.[30] Кээ бир өлкөлөрдө зомбулукту акташат, айрыкча аялдар күйөөсүнүн көзүнө чөп салган же болжолдонгон учурларда жазалоонун бир түрү катары эсептешип, ага мыйзам тарабынан уруксат берилет. Ошондой эле гендердик теңсиздик менен үй-бүлөлүк зомбулуктун ортосунда байланыш бар, гендердик теңсиздик көп орун алган өлкөлөрдө үй-бүлөлүк зомбулук да көп болору далилденген.[31] Үй-бүлөдөгү зомбулуктун жыштыгы гомосексуализмге көз каранды эмес: эркек жана аял бир жыныстуу мамилелерде ал карама-каршы жыныстагы мамилелердегидей эле көп кездешет, бирок бир жыныстуу мамилелерде анын катаалдыгы алсызыраак.[32]

Конституциянын 24-беренесинде Кыргызстандын жашоочуларынын, анын ичинде аялдардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө эч кимдин акысы жок экени даана-так белгиленген. Ошондой эле жыныстык айырмачылык боюнча дискриминацияга тыюу салынган.[33] Кыргызстанда кылмыштардын оордугуна жараша классификация Жоруктар кодексинде жана Кылмыш-жаза кодексинде берилген. Мисалы,  жоруктарга  65-берене – «Уруп-согуулар», 66 – «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү», 67 – «Байкабастыктан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү», 68 – «Венерикалык ооруларды жугузуу», 84 – «Абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту ишке ашырууга тоскоолдук кылуу» жана башка кирет. Үй-бүлөдөгү бир кыйла оор кылмыштар үчүн жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн. Бул жерде ден соолукка оор зыян келтирүү, кыйноолор, катуу уруп-согуп кыйноолор жна башкалар болуп бөлүнөт (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-149-беренелери). Кыргызстанда үй-бүлөдөгү физикалык зордук-зомбулук фактылары баарынан көп кездешет.[33]

Балдарга болгон зомбулук[оңдоо | булагын оңдоо]

Буллингге кабылган балдардын үлүшү, OWID[34]

Мектептеги зомбулук[оңдоо | булагын оңдоо]

Мектептеги зомбулук мугалимдер, классташтар же башка класстардагы окуучулар тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.

Буллинг[оңдоо | булагын оңдоо]

Буллинг – кыргызча бейбаштык, куугунтуктоо, мектеп окуучуларынын бири же тобу менен башка бир балага, топко агрессивдүү куугунтук көрсөтүүсү, шылдыңы. Мындай бейбаштыкта ​​жабырлануучу өзүн кол салуудан коргой албайт. Коркутуу физикалык жана психологиялык болушу мүмкүн. Бул бардык куракта жана социалдык топтордо боло берчү көрүнүш. Оор учурларда, ал кылмыштуу топтун кээ бир өзгөчөлүктөрүн кабыл алышы мүмкүн. Куугунтуктоонун эки формасы бар:

Психологиялык формасы – коркутуу, шылдыңдоо, жалаа жабуу, камоо, травматикалык физикалык агрессиясыз бейбаштык кылуу жана башка.

Физикалык формасы – түртүү, уруп-сабоо, башка зомбулук аракеттери, жабырлануучунун мүлкүнө зыян келтирүү; кээде курал колдонуу менен жана башка.

Коркунучтун түрүн тандоого катышуучулардын жаш курагы жана жынысы (эркектер физикалык форманы, ал эми кыздар психологиялык форманы колдонушат) таасирин тийгизет.[33] Физикалык зордук-зобулук курмандыгын денедеги же беттеги тактарга көңүл буруп байкоого мүмкүн. Кордук көрсөткөндөр баланы коркутуп турганына байланыштуу бала ата-энеге, мугалимге чындыкты айтуудан коркот

Интернет-буллинг (кибербуллинг) – бул интернет, электрондук почта, SMS аркылуу коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоо болуп саналат. Кээ бир учурларда, чабуулчу анонимдүү иш-аракет кылып, кийинки жазадан качуу үчүн өзү тууралуу маалыматты жашырат. Киберкуугунтукка ар кандай факторлор себеп болушу мүмкүн. Көбүнчө, алар команданын ичинде таанылуу үчүн, зеригүүдөн арылуу же жеке кризисти жеңүү үчүн алектенишет.[10]

Сексуалдык зордук-зомбулук теңтуштар же окуу-жайынын коллективиндеги чоң адамдар тарабынан болушу ыктымал. Буга жыныстык катнаштар гана эмес, эркине каршы өбүү, кучактоо, денесинин аяр жерлерин кармалоо, аңдуу, жыланачтап сүрөткө тартууга мажбурлоо, жыныс мүчөсүн, порнографиялык сүрөт, видеолорду көрсөтүү, сойкулука үндөө ж. б. кирет. Мындай зомбулуктун кесепеттери бала үчүн абдан оор болот. Балада уялуу, өзүн айыптоо, кемсинүү жана башка эң жаман сезимдер пайда болот. Ата-эне урушат, айыптайт, сабайт же башка себептерди чыгарат деп бала абалын жашырып коюшу мүмкүн.[35]

Рэкетчилик[оңдоо | булагын оңдоо]

Рэкет деген жалпысынан күчтүүрөөк бирөөнүн жактоосу үчүн каржылык же башка каражаттарды талап кылууну билдирет. Кадимки маанидеги рэкетчиликтен айырмаланып, «мектеп рэкети» түшүнүгү өзүнө бир катар көйгөйлөрдү камтыйт. Бул көбүнчө физикалык зомбулук менен коштолгон акчаны жана баалуу буюмдарды опузалап алуу гана эмес, ошондой эле психологиялык зомбулук - мазактоо, коркутуу, коркутуу жана эксплуатация.

Бул темадагы кээ бир изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектептерде рэкетчилик жаңы формаларды алып баратат, аны аныктоо жана кандайдыр бир укук бузууга байланыштыруу кыйын.[36] Ошентип, 2016-жылы сурамжыланган мектеп окуучулары көбүнчө жогорку класстын окуучулары зордук-зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, белгилүү бир суммадагы акчаны карызга алууну суранышат, ал эми жабырлануучу бул каражаттар кайтарылбай турганын алдын ала түшүнөт.[37]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. WHO. Насилие и его влияние на здоровье. Доклад о ситуации в мире (орус.) М.: «Весь Мир», 2002. — 376 с. — ISBN 5-7777-0225-2.
  2. Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004
  3. Review of book "War Before Civilization" by Lawrence H. Keeley
  4. Ениколопов С., Кузнецова Ю., Чудова Н. Агрессия в обыденной жизни. (орус.) – М., 2017. –С. 496
  5. Schwendinger J. Schwendinger, H. (1983) Rape and Inequality (SAGE Library of Social Research). (англ.)
  6. БУУ. Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы. Маалымат булагы: http://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf
  7. American Psychiatric Association. (2013). Diagnostic and statistical manual of mental disorders (5th ed.). Washington, DC: Author; Acierno R et al. (1999).
  8. 8.0 8.1 8.2 8.3 Brownmiller S. Against our Will: Man, Woman and Rape. New York, 1976
  9. Levin, P. (1997) Awaking the Tiger-Healing Trauma. The Innate Capacity to Transform Overwhelming Experiences. Berkeley, California: North Atlantic Books
  10. 10.0 10.1 Молчанова Е. (2015) Оказание психологической помощи женщинам, пострадавшим от сексуального насилия. (орус.)
  11. Durrant, Joan E. The Swedish Ban on Corporal Punishment: Its History and Effects // Family Violence Against Children: A Challenge for Society (англ.) / Frehsee, Detlev et al.. — Berlin: Walter de Gruyter, 1996. — P. 19—25. — ISBN 978-3-11-014996-8
  12. Schechter, Daniel S.; Zygmunt, Annette; Coates, Susan W.; Davies, Mark; Trabka, Kimberly A.; McCaw, Jamie; Kolodji, Ann; Robinson, Joann L. Caregiver traumatization adversely impacts young children’s mental representations on the MacArthur Story Stem Battery (англ.) // Attachment & Human Development : journal. — 2007. — Vol. 9, no. 3. — P. 187—205. — doi:10.1080/14616730701453762. — PMID 18007959
  13. 13.0 13.1 Amnesty International. Yemen's dark side: discrimination and violence against women and girls (англ.). — Amnesty International, 2009
  14. Newman, Willis C. & Newman, Esmeralda (2008), What is domestic violence? (What causes domestic violence?), Domestic violence: causes and cures and anger management, Tacoma, Washington: Newman International LLC, с. 11, ISBN 9781452843230
  15. Monitoring the Situation of Women & Children. Afghanistan Multiple Indicator Cluster Survey 2010/2011. Central Statistics Organisation. UNICEF. January 2013.
  16. 16.0 16.1 UNFPA. Addressing harmful traditions in a refugee camp in Chad (англ.). — United Nations Population Fund, 2008
  17. Schwendinger J. Schwendinger, H. (1983) Rape and Inequality (SAGE Library of Social Research).
  18. Ениколопов С., Кравцова О. Теории сексуального насилия // Прикладная психология. – 1999. – № 4. – С.45.
  19. Bancroft, Lundy. Why does he do that? : inside the minds of angry and controlling men. — New York: Putnam's Sons, 2002. — vii, 408 pages с. — ISBN 0-399-14844-2, 978-0-399-14844-6, 0-425-19165-6, 978-0-425-19165-1.
  20. 20.0 20.1 Willis C. Newman, Esmeralda Newman. Domestic Violence: Causes and Cures and Anger Management. — Willis Newman, 2010-05-12. — 80 с. — ISBN 978-1-4528-4323-0.
  21. Durrant, Joan E. The Swedish Ban on Corporal Punishment: Its History and Effects // Family Violence Against Children: A Challenge for Society (англ.) / Frehsee, Detlev et al.. — Berlin: Walter de Gruyter, 1996. — P. 19—25. — ISBN 978-3-11-014996-8
  22. Schechter, Daniel S.; Zygmunt, Annette; Coates, Susan W.; Davies, Mark; Trabka, Kimberly A.; McCaw, Jamie; Kolodji, Ann; Robinson, Joann L. Caregiver traumatization adversely impacts young children’s mental representations on the MacArthur Story Stem Battery (англ.) // Attachment & Human Development : journal. — 2007. — Vol. 9, no. 3. — P. 187—205. — doi:10.1080/14616730701453762. — PMID 18007959
  23. Newman, Willis C. & Newman, Esmeralda (2008), What is domestic violence? (What causes domestic violence?), Domestic violence: causes and cures and anger management, Tacoma, Washington: Newman International LLC, с. 11, ISBN 9781452843230
  24. Monitoring the Situation of Women & Children. Архивировано 5 февраля 2016 года. Afghanistan Multiple Indicator Cluster Survey 2010/2011. Central Statistics Organisation. UNICEF. January 2013.
  25. UNFPA Taking a stand against practices that harm women. United Nations Population Fund (апрель 2015).
  26. ИИМ. Үй-бүлөлүк зомбулуккакабылганда эмне кылуу керек? 01.07.2021
  27. Ни закона, ни справедливости: Насилие в отношении женщин в России : Доклад / Под ред. Марины Писклаковой-Паркер и Андрея Синельникова. (орус.) — М., 2010.
  28. McQuigg, Ronagh J.A. (2011), Potential problems for the effectiveness of international human rights law as regards domestic violence, in McQuigg, Ronagh J.A., International human rights law and domestic violence: the effectiveness of international human rights law, Oxford New York: Taylor & Francis, с. 13, ISBN 9781136742088
  29. Concannon, Diana. Kidnapping: An Investigator's Guide (англ.). — Newnes, 2013. — P. 30. — ISBN 978-0123740311
  30. Halket, Megan Mcpherson; Gormley, Katelyn; Mello, Nicole; Rosenthal, Lori; Mirkin, Marsha Pravder. Stay with or Leave the Abuser? The Effects of Domestic Violence Victim's Decision on Attributions Made by Young Adults (англ.) // Journal of Family Violence[en] : journal. — 2013. — Vol. 29. — P. 35—49. — doi:10.1007/s10896-013-9555-4
  31. Esquivel-Santoveña, Esteban Eugenio; Lambert, Teri L.; Hamel, John. Partner abuse worldwide (англ.) // Partner Abuse. — 2013. — January (vol. 4, no. 1). — P. 6—75. — doi:10.1891/1946-6560.4.1.6.
  32. Joanna Bunker Rohrbaugh. Domestic Violence in Same-Gender Relationships (англ.) // Family Court Review. — 2006. — April (vol. 44, no. 2). — P. 287−299. — doi:10.1111/j.1744-1617.2006.00086.x
  33. 33.0 33.1 33.2 М. Сулайманова, Кыргызстан: үйдөгү зордук-зомбулук учурунда эмне кылуу жана кайда кайрылуу керек? Текшерилген күн: бугу айынын 26, 2022.
  34. https://ourworldindata.org/grapher/share-of-children-ages-13-15-who-report-being-bullied
  35. Макала. Зордук зомбулук деген эмне. 28.01.2020. https://tyup.net/page/zorduk-zombuluk-degen-emne#1
  36. А. Зубенко, Школьный рэкет в Кыргызстане: когда молчание не золото.
  37. Школьный рэкет: актуальность явления, профилактика и меры реагирования в Кыргызской Республике. Серия «Аналитика собезопасности, №5». – Гражданский союз: Бишкек, 2016