Аскадагы жазуу-чиймелер

Википедия дан

Аскадагы жазуу-чиймелер (петроглифтер) - үңкүрлөрдүн боорлорунда, аскаларда, айрым таштарда тартылган байыркы сүрөттөр.

Аскадагы жазуу-чиймелер – палеолит доорунан алгачкы орто кылымга чейинки адамзат коомунун түрдүү доорлоруна тиешелүү эстеликтер.

Алгачкы палеолиттик сүрөттөр -петроглифтер Түндүк Испаниядан, Франциянын түштүгүндөгү үңкүрлөрдөн, Уралдан, Кавказ тоолорунан, Чыгыш Сибирден, Кыргызстандан табылган. Окумуштуулар белгилегендей алгачкы сүрөттөрдө сыйкырдуу жана тотемдик маанидеги жаныбарлардын: өгүз, аюу, эчки-теке, бизон, мамонт, бугу, жылкы ж.б. сөлөкөтү тартылган. Кыргызстандын территориясында (Акчуңкур үңкүрү, Саймалыташ тоосу) табылган көп сандаган сүрөттөр, жазуу-чиймелер байыркы неолит дооруна, т.а., б.з.ч. 2-миң жылдыктан б.з. 1-миң жылдыгынын 1-жарымына чейинки мезгилге таандык. Мис., Саймалыташ өрөөнүндө 10 га жакын аянттагы ар түрдүү көлөмдөгү таштарга адамдын, эчки-теке, аркар, бугу, жылкы, төө, илбирс, жолборс, карышкыр, доңуз, ит, жыландын сөлөкөттөрү, күндүн сүрөтү тартылган. Алардын арасында тематикалык сүрөттөр да бар: адамдын тоо эчкиге жаа менен аңчылык кылышы, бийлеп жана күрөшүп жаткан адамдар, өгүзгө чегилген буурсун менен жер айдоо ж.б. Аскадагы жазуу-чиймелер байыркы адамдардын чарбасын жана рухий турмуш-тиричилигин изилдөөдө өтө баалуу материал болот. Мындай жазуу-чиймелер Чолпон-Ата шаарынын түндүк-батыш жагында да бир нече гектарга жакын аянттагы чоң-чоң таштарга чегилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4