Аскаридоз (малдын)

Википедия дан

Аскаридоз (малдын) — чочконун ичке ичегисинде мителик кылуучу жумуру курт-аскарида пайда кылган ылаң. Көбүнчө 2-6 айлык торопой ылаңдайт. Ылаң козгогучу-Аscaris suum Goeze нематодасы. Эркегинин узундугу 12-25 см, ургаачысыныкы - 30-40 см. Ургаачысы суткасына 200 миң жумуртка таштайт. Чочконун заңы менен кошо жерге түшөт. Жерге түшкөн жумурткадан личинка чыгат да, жумурткасы инвазиялуу болуп калат. Инвазиялуу жумуртка суу же жем менен чочконун ичегисине барып, ылаңга чалдыктырат. Чочконун ичегисиндеги личинка ичеги, кан тамырга, кан аркылуу өпкөгө барат да, аларга зыян келтирип, андан колкого, кекиртекке өтөт. Мында ал шилекей, жем, суу менен кошо жутулуп, кайрадан ичке ичегиге келип аскаридага айланат. Ылаңдаган торопой жем жебей, чоңойбой арыктап, денеси калтырайт. Мындай учурда ылаңдуу торопойду пиперазин тузун, сантонинди жана башканы жемге кошуп берип дарылайт. Күрөшүү чаралары: чарбада чочкокананы таза кармоо, сырткы чөйрөдөгү мителерди жок кылуу, жаш торопойлорго үч жолу алдын-ала дары берүү жана башка

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1