Ичке ичеги

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ичке ичеги — ичеги-карын жолунун бир бөлүгү. Ал карындан башталып, бир нече ийри-буйру түйүндөрдү түзөт да, ич көңдөйүнүн ортосунан орун алат.

Ичке ичегинин узундугу 5—6 леге жетет. Ал ич көңдөйүнүн арткы бетине өзүнүн чычыркай майы аркылуу бекип турат. Ичке ичеги анатомиялык түзүлүшү боюнча үч бөлүктөн (он эки эли ичеги, ичке ичеги жана майлуу ичеги) турат. Ичке ичегинин капталы түрдүү милдет аткара турган үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары көптөгөн майда түктөр менен капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө көп ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зилдердин жана ферменттердин таасири менен карында эрип үлгүрө албаган белок, май жана углеводдор толук ажырайт.

Ичке ичегинин былжыр челинде уу заттарды жана микроорганизмдерди жоготуп туруучу атайын лимфа түзүлүштөрү болот.

Ичке ичегинин ортоңку катмары сырткы жана ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалары ичкиси шакек сымал тегерек келсе, сырткысы узунунан кетет. Бул эки түрдүү булчуң талчаларынын жардамы менен Ичке ичеги толкун сымал жыйрылып жана бошоңдоп, ичегини кыймылга келтирет (перистальтика). Ал эми Ичке ичегинин сырткы бети жылтырак катмардан турат.


Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8