Мазмунга өтүү

Көмүрсуу

Википедия дан
Углеводдор‎»‎ барагынан багытталды)
Жаратылышта кеңири тараган глюкозанын түзмөгү.
Рафиноза — жаратылыш трисахариди, D-галактозадан, D-глюкозадан жана D-фруктозадан түзүлөт.
Солдо — крахмал, оңдо — гликоген

Көмүрсуулар, Углеводдор — табиятта кеңири тараган, бардык тирүү организмдердин түзүлүшүнө кирип, алардын жашоосуна өтө керектүү органикалык кошулмалар.

Углеводдордун түзүлүшүнө көмүртек, суутек жана кычкылтек кирет. Углеводдор өсүмдүктө фотосинтез процессинде пайда болот:

xCO2 + yH2O → Cx(H2O)y + xO2

Киши жана жаныбар организми углеводдорду синтездей албайт, аларды түрдүү тамак-аш азыктарынан гана алат:

Cx(H2O)y + xO2 → xCO2 + yH2O + энергия.


Углеводдор жаныбарлардын клеткаларында абдан аз өлчөмдө болот. Ал боор менен булчуң эт клеткаларында көбүрөөк (5%ке чейин), өсүмдүктүн кургатылган жалбырактары менен уруктарында, мөмөсүндө, мисалы, күрүчтө, картошкада, жүгөрүдө 90%ке чейин болору далилденген. Углеводдор адам жана жаныбар организминде зат жана энергия алмашууда негизги роль ойнойт.

Углеводдор негизинен үч топко бөлүнөт: моносахариддер же жөнөкөй канттар (жүзүм канты — глюкоза, жемиш канты — фруктоза); дисахариддер (сүт канты — лактоза, бал камыш канты — сахароза, угут канты — мальтоза жана башкалар), полисахариддер — (крахмал, гликоген, целлюлоза жана башкалар).

Глюкоза — эң кеңири тараган моносахарид. Ал эркин түрдө таттуу жемиштердин составында болот. Адам жана жаныбар канынын бирден бир компоненти.

Манноза эркин түрдө кездешүүсү мүмкүн, көбүнчө полисахариддердин составына кирет.

Галактоза эркин түрүндө кездешпейт, алар полисахариддердин жана гликопротоиддердин составына кирет. Галактозанын организмде алмашуусу бузулганда ден соолук начарлап, тукум куума ооругалактоземия пайда болот. Эмчектеги балдар галактозаны эне сүтү аркылуу гана алат, анын сиңирилиши бузулса жаш баланын өсүшү, акыл-эси начарлап, салмагы төмөндөп, боору чоңоёт, көз оорусуна (катаракта) чалдыгышы мүмкүн. Бул ооруда организмдин ткандарында жана клеткаларында галактозанын алмашуусунан пайда болгон уу заттар көп өлчөмдө топтолот. Эгерде ооруну өз убагында байкап, баланын тамак-ашынан лактоза менен галактозаны таптакыр жок кылса, оору бат эле айыгып кетет.

Фруктоза эркин түрүндө балда көп болот, кээ бир жемиштерде глюкоза менен кошулуп сахарозаны түзөт.

Мальтоза - глюкозанын эки калдыгынан турган дисахарид.

Мальтоза — дисахарид; эки глюкозанын калдыгынан пайда болот. Кээ бир адамдардын ичеги зилинде аны ажыратуучу ферменттер жок болуп, мальтозаны сиңире албайт.

Сүттөгү дисахаридеги лактозанын структуралык түзмөгү.

Лактоза галактоза менен глюкозанын калдыктарынан пайда болот. Бул дисахарид сүттө көп, мисалы, аялдардын сүтүндө 5,5—8,4%, ал эми уйдун сүтүндө 4,5—5,1%ке чейин болот. Эмчектеги баланын ичеги маңызында лактозаны ажыратуучу ферменттер аз же жок болгон учурда баланын организминде дисахариддин алмашуусу бузулат. Анда бала кусат жана ичи көбөт, ичи өтөт, арыктайт. Оорулуу баланын сийдиги менен көп лактоза жана көптөгөн аминокислота организмден чыгарылат. Дарылоодо оорулуунун рационунан лактозаны чыгарып, анын ордуна бөлөк кантты берүү зарыл.

Сахароза глюкоза менен фруктозанын калдыгынан турат, осүмдүктөрдө көп жана тамак-аштагы негизги У-дун бири. Ичеги зилинде сахарозаны ажыратуучу ферменттер болбогондуктан кээ бир адам аны көтөрө албашы мүмкүн. Бул оору биринчи жолу баланы эмчектен чыгарганда байкалат. Сахароза организмде аны ажыратуучу ферменттин жоктугунан организмге сиңбей калат. Оорулуу баланын сийдигинде сахароза көп өлчөмдө болот, аны дарылоо үчүн тамак-аштан сахарозаны азайтуу же болбосо жетишпеген ферментти берүү зарыл.

Целлюлоза (клетчатка) өсүмдүк клеткаларында болот. Алар зыгырда жана пахтада 90—99%, жыгачта 45%тей болот. Целлюлоза организмде карын зилинин жардамы менен сиңирилбейт, алар ичеги микроорганизмдердин жардамы аркылуу аз өлчөмдө пайдаланылат. Эгерде клетчатка организмде көп сиңирилбей калса газ топтолуп, ич көбөт (Ич көбүү). Клетчатка ичегидеги нервдерди дүүлүктүрөт да, ичегинин кыймылдашына бирден бир себеп болуп, тамак-аш калдыгын жылдырууга чоң жардам берет. Клетчатканы аз жеген кишилердин ичегиси начар иштейт. Бул учурда оорулуу адамга кургатылган кара өрүк, кызылча жана башкалар клетчаткасы көп өсүмдүк продуктуларын пайдалануу сунуш кылынат.

Крахмал — полисахарид; картошкада, данда, жемиштерде жана башкалар көп болуп, өсүмдүктөрдүн негизги запас азыгы болуп эсептелет.

Гликоген (жаныбар крахмалы) — жаныбар жана кишинин полисахариддеринин эң негизгиси. Гликоген адамдын жана жаныбарлардын боорунда 20%ке, булчуң этте 4%ке чейин топтолот. Бул запастар адам көп убакыт ачка болсо же оор жумуш аткарганда азайып кетиши байкалат. Организм гликогенди жалаң эле У-дон албастан өтө керек болгондо майдан жана белоктордон да синтездеп ала алат. Жаш баланын канында гликогендин өлчөмү 12—21 мг%, чоң кишиникинде 7— 15 мг%ке чейин болот.

Гликогеноздор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организмде полисахариддердин алмашуусу бузулган учурда адам эң оор тукум куума ооруга (гликогеноздорго) чалдыгат. Мындай оорулуунун боорунда, жүрөгүндө, булчуңдарында, бөйрөгүндө, өпкөсүндө жана көк боорунда гликоген абдан көп өлчөмдө топтолот. Полисахариддер организмге тамак-аш менен келип, ичеги-карындагы ферменттердин жардамы менен моносахариддерге ажырайт да, ичегиден канга өтөт. Кан аркылуу моносахариддер боорго жетип көпчүлүгү сакталып калат, ал эми калганы кан менен бөлөк органдарга жана ткандарга жеткирилип гликоген, май жана аминокислоталарды синтездөө үчүн пайдаланылат.

Глюкоза тууралуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Глюкоза ткандарда ажыраганда жылуулукту пайда кылат. Глюкоза кандын составында дайыма бир калыпта болушу зарыл. Анын организмде туруктуу болушунда ферменттер, гормондор, нерв системасынын жана боордун ролу чоң. Эгерде глюкозанын өлчөмү канда көбөйүп кетсе, боор өзүнүн клеткаларына көп өлчөмдө аны гликоген түрүндө сактап калат. Качан гана органдар жана ткандар кантты көп керектей баштаса боордогу гликогендер глюкозага айланат да, кан аркылуу керектүү органдарга жеткирилет. Канда глюкозанын өлчөмү көбөйсө — гипергликемия, ал эми азайса гипогликемия деп аталат. Мээ травмасында, кээ бир жугуштуу ооруларда жана аялдар талгак болгон учурда гипергликемия байкалышы мүмкүн. Канда канттын көбөйүшү узакка созулса (1—2 жума), ал кант оорусунун белгиси болот. Глюкоза мээге абдан керек, анын азайышы мээнин ишин начарлатат жана ар түрдүү ооруга чалдыктырат. Глюкоза мээден кычкылтектин жардамы менен көмүр кычкыл газына жана сууга ажырайт, бул учурда абдан көп өлчөмдө энергия бөлүнүп чыгат. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларындагы зат алмашууда глюкоза эң негизги орунду ээлейт; клеткада жүрүп жаткан көптөгөн процесстерди энергия менен камсыз кылат. Ферменттик эң татаал реакциялардын жардамы менен глюкоза клеткада ажыроого жана кычкылданууга дуушар болот да, жөнөкөй заттарга айланат. Глюкозанын клеткаларда кычкылдануусунун натыйжасында аденозинтрифосфор кислотасы (АТФ) пайда болот.

Углеводдордун функциясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Углеводдор негизинен организмдин тиричилик аракети үчүн кубат булагы катары керектелет жана организмди жылуулук менен камсыздандырып, анын резервдик, структуралык жана коргонуу функциясын күчөтөт. Углеводдор көптөгөн процесстерге катышып, гормондордун, ферменттердин жана башкалар организмге өтө пайдалуу заттардын составына кирет. Углеводдор жаңы төрөлгөн жана жаш балдардын организминин кычкылтек жетишсиздигине туруктуулугун күчөтөт. Төрөлгөндөн кийинки 4—6 саатта углеводдор организмде аз болот, себеби төрөлгөн учурда углеводдор көп сарп кылынат. 20—25 жашка келгенден баштап организмде углеводдор аз сиңирилет да, кандагы канттын өлчөмү төмөндөйт. Натыйжада кандагы инсулиндин өлчөмү көбөйөт. Орган жана ткандардын углеводдорду аз сиңириши бир жагынан гиперинсулинемияга, ошондой эле организмдеги май жана май сыяктуу заттардын өлчөмүн көбөйтүп, кан тамырларга майдын топтолушуна (атеросклерозго) жана организм иммунитетинин начарлашына алып келет.

Углеводдор организмде эң жөнөкөй жол менен майга айланышы мүмкүн. Ошондуктан адам 35—40 жаштан өткөндө углеводдорду ченем менен пайдаланбаса бат эле семирип кетиши байкалат (Семирүү).

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8