Сахароза

Википедия дан
Сахароза.
Сахароза.
Сахароза.

Сахароза (кызылча канты, камыш канты) С12Н22О11, мол. масс. 342,3 – D-глюкоза жана D-фруктоза калдыктарынан турган углевод, дисахариддер тобуна тийиштүү a-глюкопиранозил-(1®2)-b-фруктофуранозид:

Сахароза – өсүмдүк эң көп таралган дисахариди; өзгөчө С. кант камышынын сабактары жана кант кызылчасынын азык тамыры бай. С. - татаал көп кырдуу формадагы түссүз кристаллдар, d415 1,5879; балкып эрүү t 185-186°С, [a]=+66,53. С. 200 о С жогорку температурада ысытса ажырайт (бул процесс карамелизация деп аталат). Сууда жакшы эрийт, абсолюттук метил жана этил спирттеринде эрибейт. Суу-спирт аралашмасында С. эригичтиги аралашмада суунун көбөйүшү менен жогорулайт. Уюлдуу эмес органикалык эриткичтерде эрибейт; анилинде, пиридинде, этилацетатта, амилацетатта, балкып эриген фенолдо, суюк аммиакта жай эрийт. С. калыбына келтирбөөчү олигосахарид. К-талар жана b-фрукто-фуранозидаза ферментинин таасири алдында D-глюкоза жана D-фруктозага чейин гидролизденет. Щелочтор менен гидролизге учурабайт. Щелочтуу жана щелочтуу жер металлдар менен алкоголяттарга окшош сахараттарды пайда кылат. Сахараттарга кальций оксидин таасир этсе, эркин С. бөлүнүп чыгат. С. начар к-та. рКа=3 ×10-13. Диазоурацил менен мүнөздүү спецификалык реакцияны берет (көк түстү) жана С. сапаттык аныктоодо колдонулат. С. сандык аныктоосун физ. жана физ.-хим., массалык, рефрактометрдик, поляриметрдик жана башка методдор менен өткөрүшөт. С. көпчүлүк өсүмдүктөрдөн синтездик ыкма менен аны түзгөн моносахариддер алынган. С. ө. ж. масштабында кант камышынан, кант кызылчасынан, ошондой эле башка канттуу өсүмдүктөрдөн алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]