Дисахариддер

Википедия дан
Сахароза: D-Глюкоза + D-Фруктоза.

Дисахариддер (биозалар) – гликозиддик байланыш менен байланышкан 2 моносахариддин калдыгынан турган олигосахариддер. Д. к-талар жана ферменттер таасири астында моносахариддерге чейин гиролизденет. Көпчүлүк Д. курамына гексоза жана пентоза кирет. Д-ди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидроксил тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Д. 2 топко бөлүнөт:

1. Калыбына келүүчү Д. (мальтоза, лактоза, целлобиоза). Гликозиддик байланышты пайда кылуучу моносахарид биринин жарым ацеталдык тобу, 2-мол-нын спирттик гироксил тобу реакцияга катышат. Булардын касиети моносахарид окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүү -калыбына келүү реакцияларына кирет.

2. Калыбына келбөөчү Д. (трегалоза, сахароза) эки моносахарид тең жарым ацеталдык топтору гликозиддик баланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү -калыбына келүү реакцияларына кирбейт. Д. жаратылыш продуктуларынан алынат. Мис., сахароза-кызылчадан, лактоза- сүттөн ж.б. Көпчүлүк Д. полисахариддин, олигосахариддин толук эмес гидролиздөөдөн алынат, мис., крахмалды жана гликогенди ферменттик ыкма менен гидролиздөөдөн-мальтоза, целлюлозадан- целлобиоза ж.б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза, тамак аш ө. ж-нда жана медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]