Мальтоза

Википедия дан
Мальтоза.

Мальтоза [4-(α-D-глюкозило)-D-глюкоза, угут канты], С 12Н22О11 ; мол. масс. 360,19; a-1,4-глюкозиддик байланыш менен байланышкан D-глюкозанын эки калдыгынан турган калыбына келүүчү дисахарид:

Суу эритмелериндеги мутаротациянын натыйжасында М. ар кандай формасынын теңдештик аралашмасы алынат. [ a] D = +130,4; М. сууда эң жакшы эрийт; суусуз пиридинде жана пиридин менен суунун аралашмасында эрийт; спиртте эрибейт. М. Феллинг эритмесин, AgNO3 аммиак эритмесин калыбына келтирип, фенилозазон, b-нафтиозазон жана башка калыбына келтирүүчү канттарга мүнөздүү туундуларын пайда кылат М. анын альдегид тобун окистендирүүдөн алынган, мальтобион к-тасын гидролиздөөдөн D- глюкоза жана D-глюкон к-тасы пайда болот. М. ферменттик гидролиз менен крахмалдан бөлүп алууга болот:

b-амилаза

(С6Н10О5)х ———® хС12Н22О11

Крахмал Мальтоза

Синтездик ыкма менен М. D-глюкозадан алынат. М. аралык продукт катары, картошкадан спиртти алууда пайда болот. М. арак, пиво чыгарууда, тамак ө. ж.-да мальтоза патокасы түрүндө колдонулат. Тазаланган М. микробиологияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]