Моносахариддер

Wikipedia дан

Моносахариддер — гидролиз реакциясына кирүүгө жөндөмсүз болгон углеводдор негизги тобун түзгөн органикалык; бирикмелер. Аларда гидроксил жана альдегид (альдозалар) же кето (кетозалар) топтору болот. М. курамындагы кычкылтек атому санына жараша триозаларга (O3), тетрозаларга (O4), пентозаларга (O5), гексозаларга (O6) бөлүнөт. М. ациклдүү (ачык) жана циклдүү (туюк) формалары болуп, 5-мүчөлүү циклдер фураноза, 6 мүчөлүүсү пиранозалар деп аталат. М. татаал углеводдор (гликозиддер, полисахариддер жана башка) жана углеводу бар биополимерлер курамына кирет. Мында М. бири бири жана мол-нын углевод эмес бөлүгү менен гликозиддик байланыш аркалуу байланышат. К-талар же ферменттер таасири менен гидролизденгенде бул байланыштар үзүлүп М. бөлүнөт. М. кристаллдар, сууда жакшы, спиртте начар эрийт, эфирде эрибейт. М. карбонил тобуна мүнөздүү реакцияга кирет. Ag2O4 аммиактагы эритмесинде күмүштү, негиздик чөйрөдө жез оксидин калыбына келтирет. М. көпчүлүк өсүмдүктөрдө жана жаныбарлар организминде эркин түрүндө кездешет. Ошондуктан алар М. алуунун негизги булагы. М. синтет. ыкма менен да алынат. Алар өсүмдүктөр фотосинтез кубулушунан көмүртек кош оксиди жана суудан пайда болот. М. организмде ажырашы энергия бөлүп чыгаруу менен жүрөт. Кээ бир бир М. жана андан алынган заттар тамак-аш ө. ж. жана медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]