Мазмунга өтүү

Аскат Сулайманов

Википедия — ачык энциклопедия
Аскат Сулайманов
Туулган датасы:

27 -май 1978(1978-05-27) (48 жаш)

Туулган жери:

Балыкчы, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актёр

Багыты:

комедия, драма

IMDb:

ID 1982059

Аскат СулаймановКыргызстандык актёр.

Аскат Сулайманов 1978-жылы 27-майда Балыкчы шаарында жарык дүйнөгө келген.Түбү Кеминден болгону менен Балыкчыда өскөн. Үй бүлөдө 4 бир тууган: эки эжеси, бир карындашы бар.Ата-энеси кичине кезинде эле ажырашып,апасы жалгыз өзү тарбиялап ,өстүргөн .

Актер өзүнүн балалыгы тууралуу sputnik.kgге берген маалыматында мынтип эскерет:

''— Бала кезимде жайлоодо үч ай жүрөм деп биттеп кеткем. Келгенде апам кийимдеримди өрттөп, чачымы да алып салган . 6-класста окуп жүргөндө эки эжесин бир күндө эки жакка ала качып кетишет. Апасы иштегендиктен үй тиричилигине тиешелүү түйшүктүн баары кичинекей Аскаттын мойнуна түшкөн. Мектепте тентектик жагынан эч кимди алдыга салчу эмес. Ал бул тууралуу "7-класстагы кез. Марс, Сникерс деген шоколаддар жаңы чыга баштаган. Балдар менен шоколадга мелдеше кетип, Мунара деген классташ кызымдын кол чатырын көтөрүп алып үчүнчү кабаттан секирип кетип ,өлүмдөн араң калгам.

Кийин 11-класс болуп чоңоюп эле калганда Гүлзат деген классташ кызым мени дайыма эле "Сулайманов суслик" дей берди. Бир айтып бир койбойт. Анан "Чипп менен Дейл" мультфильминдеги чымындын атынан аны "Вжик" деп койдум. Класстын баары эле кыраан каткырык болуп жатып калышты. Ошондо катуу намыстанып "сени сабатам" дегенинен кыйын болуп "чакырчы жигит-мигитиңди" деп койгом. Бир күнү дүкөндө нанга кезекте турсам 5-6 бала келип "экинчи Гүлзатты "Вжик" дебе" дешти. Мен "айтам эле, ал деле мени "суслик" деп жатпайбы" дедим. Ошол жерден жабыла сабап киришти. Кечке маал көзүмдү ачсам дүкөндүн артында жатам. Кийин көл жээктен кармап алып алардан өчүмдү алгам" деп жылмаят.

Чыгармачылык жолу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылы Ленин атындагы 4-гимназия мектебин бүтүрүп, Алматы шаарындагы Темирбек Жургенов атындагы Театр жана кино институтуна тапшырган.

Мектепти бүтүп жатканда Таласта Манастын миң жылдыгына карата маданият үйүнүн кызматкерлеринин ортосунда чоң конкурс болуп, "Карагул ботом" спектаклинде Карагулду ойноп барат. Жыйынтыгында жаштар арасында мыкты роль наамын алып, диплом менен хрусталь ваза беришкен. Ал сыйлыктар актер үчүн Оскар сыйлыгына тете эле. Ошол сезим өспүрүмгө түрткү берип, актер болуусуна шарт түзгөн.

Тартылган кинолору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эн биринчи казактардын ''Камерадан репортаж'' деген тасмада тартылган . Кийин "Айыл өкмөтү", "24 саат ","Уурунун махабаты ","Апамдын махабаты ","Свет аке" кинолорунда роль жараткан.

2007-жылы" Кууш жолдо" драма- сериалына ,2008-жылы "Теңири" филмине тартылат . Актёрго чоң ийгиликти дагы бир жолу 2012-жылы чыккан "Президент жана бомж "филми алып келет.Көпчүлүккө милициянын ролу менен таанылган актер 8 фильмде ушул образды жаратат.

Акыркы жылдары актёрду комедия жанрындагы фильмдерде көп кездештиребиз:"Такебай" (2018) "Күйөө жолдош "(2022),"Байкуш"(2022), "Курьер "(2022),"Буюрса "(2023),"Кошуналар"(телесериал) ," Кошбой"(2023)," Особняк"(2023), "Полчан"(2023)ж.б.

Ошондой эле 2022-жылы улуу манасчы Сагымбай Орозбаков тууралуу "Сагымбай манасчы "тарыхый-биографиялык филминде башкы ролду аткарды.

Тасмаграфиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
т Камерадан репортаж -
т 24 саат -
2004 т Айыл өкмөтү Айыл өкмөтү
20042005 с Апамдын махабаты -
20072007 с Кууш жолдо -
2007 т Биринчи кадр Биринчи кадр
2008 т Теңири -Аскар
2009 т Уурунун махабаты Влюблённый вор
2010 т Свет аке Light Thief, TheБекзат, ишкер
20102010 с Гаишниктер № 11 Гаишники:Иссык-кульский бешбармак № 11Тоту
2012 т Президент жана бомж -
2013 т Аят 3 Аят 3
2013 т Карт бойдок Карт бойдок
2013 т Участковый
2016 т Кокуй кошуна Кокуй кошуна
2016 т Мегатой Мегатой
2018 т Мегатой 2: Калың Мегатой 2. Калың
2018 т Текебай -
2018 т Капкан Капкан
2019 т Жөө күлүк -
2019 т Мурас -
20192022 с Кошунаны тандабайт -
2021 т Чоң атамдын жоруктары Чоң атамдын жорктары
2021 т Текебай 2 Текебай 2. Депутат
2021 т Шумдук шерине Шумдук шерине
2021 т Балконский баоакай
2021 т Кошуналар кинодо -
2022 т Күйөө жолдош -
2022 т Байкуш -
2022 т Курьер -
2022 т Сагынбай манасчы -
2023 т Кошбой -
2023 т Особняк Особняк
2023 т Полчан Полчан «Патриоттор» партиясынын өкүлү, Асан Сапаров
2023 т Жаңы жылдык особняк Жаңы жылдык особняк
2023 т Аяш 3 Аяш 3Эпизод / Сапар кабыл алган 2-төрөттөгү аялдын күйөөсү
2023 т Малыш МалышБакыт
2023 т Таксыр ТаксырНурбек Саматович, ишкер
2023 т Байкуш 2 Байкуш 2. Операция пантера
2024 т Полчан 2 Полчан 2жоокер, Асан Сапаров
2024 т Эркече-Аялча Эркечем& Аялча
2024 т Байкуш 3 Байкуш 3
2024 т Полчан 3 Полчан 3Асан Сапаров
2025 т Эки дос[1] Эки досДепутат
2025 т Кыргызбай КыргызбайАскар
2025 т Жубайым ~Данияр
2025 т Кара жаным Кара жаным
2025 т Көз ирмем Көз ирмем
2025 т Дөөпараз ~Эпизод / Комео
2025 т Чемпион ~Медет / Актилек командасынын машыктыруучусу
2025 т ~ Бабник жана ПодкаблучникАйбек
2025 т Аппакай күйөө бала Аппакай күйөө бала
2025 т Интеллигент Интеллигент
2025 т Байкуш 4 Байкуш 4
2025 т Атакебай Атакебай
2025 т Акыркы дем Акыркы демБакыт
2025 т Напарниктер 3 Напарниктер 3
2026 т Татынакайым Татынакайым
2026 т Махабатым[2] МахабатымБолот
2026 т Африкалык келин[3] Африкалык келинМаксат
2026 т Апакай 2. Кудалар[4] Апакай 2. Кудалар
2026 т Миллионер[5] Миллионер
2026 т Кызым[6] Кызым


— 19 жашында Элмира аттуу курсташ кызына баш кошуп Арген, Арсен, Арлен аттуу уулдуу жана Айназик, Аделина деген кыздуу болгон. Бир жыл мурун никесин жаңырткан.

Колдонулган булактар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://sputnik.kg/20170527/askat-sulajmanov-tuuraluu-fakty-1033560132.html

https://www.super.kg/article/show/14691

  1. Два друга (орусча). Кинопоиск. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2025.
  2. Махабатым (орусча). Cinematica.kg. Текшерилген күнү 10 -май (бугу) 2026.
  3. Африкалык келин (орусча). Cinematica.kg. Текшерилген күнү 10 -май (бугу) 2026.
  4. Апакай 2. Кудалар (орусча). Cinematica.kg. Текшерилген күнү 10 -май (бугу) 2026.
  5. Миллионер (орусча). Cinematica.kg. Текшерилген күнү 10 -май (бугу) 2026.
  6. Кызым (орусча). Cinematica.kg. Текшерилген күнү 10 -май (бугу) 2026.