Аскердик билет

Википедия дан

Аскердик билет - аскер комиссариаты тарабынан аскер кызматын өтөөгө чакырылгандарга же запаска (отставкага) чыгарылган жарандарга берилүүчү жана аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин, сержанттардын, старшиналардын, матростордун керт башын күбөлөндүрүүчү, мөөнөтү чектелбеген документ. Анда ошондой эле запастагы жарандардын аскер кызматына тиешелүүлүгү көрсөтүлөт. Аскер кызматындагы офицерлер менен генералдарга керт башын күбөлөндүрүүчү күбөлүк берилет, ал эми запаска же отставкага чыккан учурда - офицерлик (генералдык) аскердик билет берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1