Аскердик кылмыш

Википедия дан

Аскердик кылмыш — аскер кызматкерлеринин жана атайын аскердик даярдыктан өтүп жатышкан аскер кызматына милдеттүүлөрдүн аскердик кызматты аткаруу тартибине сыйбаган аракеттери. Аскердик тартипти бузуу, аскердик кызмат өтөөдөн баш тартуу, аскер мүлктөрүн ысырап кылуу, жоготуу, кароол жана чегара кызматынын уставдагы эрежелерин бузуу, аскердик сырды жарыя кылуу ж. б. кылмыштар аскердик кылмыштарга кирет. Аскердик кылмыштардын ичинен коомго коркунучтуу аракет же аракетсиздик менен жасалган кылмыштарга - башчыга каршылык көрсөтүү же анын кызматтык милдеттерин бузууга мажбурлоо, зомбулук жасоо, буйрукту аткарбоо, бөлүктү же кызмат ордун ээнбаш таштап кетүү; байкоостон жасалган аскердик кылмыштарга - аскердик мүлктү жок кылуу же бүлүндүрүү, машиналарды айдоо же пайдалануу, ошондой эле учуу же ага даярдануунун эрежелерин бузуу кирет. Акыл-эси соо, 18 жашка толгон, аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары ж-а аскердик жыйындарда жүргөн запастагы жарандар аскердик кылмыштын субъектиси деп эсептелет. Согуш мезгилинде же болбосо согуш кырдаалынын шарттарында жасалган аскердик кылмыш үчүн жоопкерчилик согуш мезгилинин мыйзамдары менен аныкталат. Бул кылмыштарды аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тергейт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1