Аскер прокуратурасы
Jump to navigation
Jump to search
Аскер прокуратурасы – КР Прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмчөсү, мыйзам актыларынын республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери жана башка аскер түзүлүштөрү тарабынан так жана бирдей аткарылышын көзөмөлгө алат. Аскер прокуратурасы кылмыш-жаза ишин иликтөөнү ишке ашырат жана ишти соттук териштирүүгө катышат. Аскер прокуратурасынын ишмердигине КР Аскер прокурору аркылуу КР Башкы прокурору жетекчилик кылат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1