Аскердик педагогика

Википедия дан

Аскердик педагогика – педагогика илиминин бир бөлүгү.

Аскер адамдарын тарбиялоо, окутуу ж-а закон ченемдүүлүктөрдү о. эле согуш аракеттерин ийгиликтүү жүргүзүүгө аскер коллективдерин даярдоону окутат. Аскердик педагогика байыркы мезгилдерде эле пайда болгон. Алгач кеңеш, жолдомо, үйрөтүү, аскерлерди тарбиялоо ж-а окутуу эрежелери катары муундан муунга өтүп оозеки түрүндө сакталып келген. Аскер ишинин татаалдашы, аскерлердин санынын өсүшү м-н Аскердик педагогика идеялар пайда болгон. ХVI к-дан баштап алар уставдарда, инструкцияларда, насааттарда ж. б. документтерде сакталып калган. ХIХ к-дын 2-жарымынан баштап Аскердик педагогика. өз алдынчы педагогика илиминин бир багыты катары калыптана баштаган. Көптөгөн полководецтер, флот адмиралдары оригиналдуу аскердик-пед. системаларды түзүшкөн. Мезгилдин талабына ылайык аскерлерди жогорку деңгээлде окутуп даярдоого шарт түзгөн. Аскердик педагогика негизи түшүнүктүк системасы калыптанган ж-а аскерлердин, аскердик коллективдерин ар тараптуу даярдыктарын көрсөтөт. Тарбия берүү, окутуу, психологиялык даярдык, өзүн өзү тарбиялоо, өз алдынча үйрөнүү окуу ж-а өнүгүү. Булар бири бири м-н тыгыз байланышта.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6