Аскердик тартип

Википедия дан

Аскердик тартип - аскердик уставдарда белгиленген эрежелерди сактоо, ошондой эле аскер башчыларынын көрсөтмө-тапшырмаларын бардык аскер кызматындагылар тарабынан бузбай так аткаруу шарттары. Аскердик тартип зордукка же опузага эмес, ар бир аскер кызматкеринин өзүнүн Мекенин коргоону жоокердик ыйык милдети экендигин сезгендигине таянат. Аскердик тартип жөнүндөгү куралдуу күчтөрдүн уставы 1998-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин чечими менен бекитилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1