Аскер кемелери

Википедия дан

Аскер кемелери - Аскер-деңиз флотунун курамындагы, күжүрмөн же атайын стратегиялык-тактикалык милдеттерди аткарууга ылайыкталган кемелер. Деңизде каракчылык кылууга пайдаланылган каноэ, кийин тарыхый булактарда жазылып калган куралданган Египет кемелери Аскер кемелеринин алгачкы түрлөрү катары саналат. Болжол менен биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктан 16-кылымга чейин деңиздеги согуштук аракеттерде негизинен калактуу галералар пайдаланылган. Кийин Европада парустуу үч мачталуу кемелер тараган. 17-кылымдан кемелерге замбиректер орнотула баштаган. Улам барган сайын өркүндөтүү менен 19-кылымдын башында биринчи буу кемеси түзүлгөн. 1900-жылдары суу астында жүрүүчү кайыктар, Биринчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде алгачкы авиа алыпжүрүүчү пайда болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар жана атом энергиялык приборлор, ракета-ядролук куралдар орнотулган атомдук кемелер курулду. Азыркы аскер кемелерине дизель, газ турбиналуу же атом кыймылдаткычтары орнотулган. Аткарган ишине жараша алар ракеталык, авиациялык, артиллериялык, торпедалык же миналык куралдар менен жабдылган. Аларды башкарууда абадагы, суу астындагы кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн радио-электрондук жана эсептеп чыгаруучу түзүлүштөр орнотулган. Аскер кемелери согуштук милдети, куралданышы жана сууга сыйымдуулугу боюнча бири биринен айырмаланган төмөндөгүдөй түрлөрү бар: ракета менен куралданган эсминецтер, ракеталык, торпедалык, ракета-торпедалык суу астындагы кайык, авиа алыпжүрүүчү, ракета-артиллериялык кеме, десант кемеси ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1