Аскер медицанасы

Википедия дан

Аскер медицинасы — куралдуу күчтөрдүн саламаттыкты сактоо терапиясын жана практикасын үйрөтүүчү, согуш жана тынчтык мезгилинде аскер кызматкерлеринин ден соолугун сактоо жана жабыркагандардын, оорулуулардын ден соолугун калыбына келтирүү боюнча иш чараларды жүргүзүүчү медицина тармагы. Аны куралдуу күчтүн медициналык кызматы тейлейт.

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин аскердик жана медициналык илимдин жетишкендиктерине жана социалисттик мамлекеттин армиясынын милдеттеринин өзгөрүшүнө байланыштуу аскерлерди медициналык тейлөө да бир топ жакшыртылган. Тынчтык мезгилде аскер кызматынын өзгөчөлүгүнө жараша медициналык кызмат уюшулуп, аскерлерди медициналык тейлөө, алдын алуу иштери жүргүзүлдү.


Улуу Ата Мекендик согуш башталар мезгилде биздин өлкөдө Советтик Армиянын согуштук аракеттеринде медициналык тейлөөнүн так системасы түзүлгөн. Армиялар аскердик-медициналык даярдыктан өткөн жетекчилер жана врачтар, орто билимдүү жана башка медициналык персоналдар менен камсыз кылынган. Медициналык бөлүктөр, мекемелер керектүү техника, транспорт менен жабдылган.

Согуш башталары менен армияга ири окумуштуулар (хирург, терапевт, эпидемиолог, токсиколог жана башка) консультант катары тартылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жарадар болгондордун 72,3%и, оорулуулардын 90%и дарылоодон кийин катарга кошулуп, майыптык жана өлүм азайган.


Медициналык кызмат аскер кызматына чакырылгандардын жарактууларын тандап, дарылоо, алдын алуу, санитария-гигиеналык, эпидемияга каршы чаралар комплексин системалуу түрдө жүргүзөт, аскер кызматкерлерине өздүк жардам, жугуштуу ооруларга каршы алдын алуу ыкмаларын үйрөтөт, аскерлерди медициналык каражат менен жабдыйт. Согуш мезгилинде ошол чектелген аймакта кыска мөөнөттө эле массалык жоготууларга учурашы мүмкүн. Бул жоготуу — согуштан жарадар болгондор менен медициналык мекемелерге жөнөтүлгөн оорулуулардын эсебинен аскердик өздүк составдын азайышы (буга өлгөндөр, туткунга түшүп кеткендер, дайынсыз жоголгондор кирбейт). Жарадарларды согуш талаасынан алып чыгып, татаал шарттарда медициналык жабдуулары жок транспорттор менен полктун медпункттарына жеткирүүгө туура келет. Анда врачтык биринчи жардам көрсөтүлүп, андан ары медициналык-санитардык батальондорго жиберилет. Медициналык-санитардык батальондордо квалификациялуу жардам көрсөтүлөт жана ден соолугуна байланыштуу ташууга болбогон оор жарадарлар (оорулуулар), ошондой эле жарааты жеңил, бат айыкчу оорулуулар гана госпиталга алынат. Калгандарына медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин фронттогу талаа госпиталдарына жеткирилет. Анда жараатына (баш, омуртка, нерв системасы жана башка) жараша адис врачтар адистештирилген медициналык жардам көрсөтөт. Узакка дарыланууну талап кылуучулар врачтын көрсөтүүсү боюнча өлкөнүн ички райондорундагы госпиталдарга жөнөтүлөт. Жоготууларга учуроо негизинен душман колдонгон куралдын түрүнө жараша болот.


Азыркы шарттагы армия атылбас жана атылуучу, ядролук, ал эми бир катар капиталисттик мамлекеттердин армиялары биологиялык куралдар менен жабдылган. Ар бир колдонулган курал адамдын организмине өзүнчө таасир тийгизип, түрдүү жабыркоого дуушар кылат. Булардын ичинен ядролук курал эң кубаттуу курал жана аны колдонуу массалык оор жабыркоого (күйүк, нур оорусу) алып келет.

Аскер медицина маанилүү иш чараларынын бири — эпидемияга каршы чаралар жана аскерлерди санитария-гигиеналык жактан тейлөө. Санитария-гигиеналык жактан тейлөөгө тамак-ашты, сууну, мончо, кир жуучу үйлөрдү текшерүү, өздүк жана коллективдик гигиена эрежелерине ылайыктап аскерлерди жайгаштыруу жана башка кирет. Эпидемияга каршы чараларга: аскерлер арасында жугуштуу ооруларды таратпоосу үчүн эпидемияга каршы тоскоол түзүү, аскер кызматкерлерин пландуу түрдө эмдөө, жугуштуу ооруларды табуу үчүн аскерлерге жакын жашаган элди санитария-гигиеналык жактан чалгындоо кирет. Аскер медицина медициналык кызматты уюштуруу жана анын тактикасы, аскер-талаа хирургиясы, аскер-талаа терапиясы, аскердик токсикология, аскердик гигиена, аскердик эпидемиология жана башка тармактары пайда болуп, өркүндөөдө.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8