Эпидемия

Википедия дан

Эпидемия (грек. ἐπιδημία — жапырт оору, ἐπι — -га мүчөсү, арасында жана δῆμος — эл) — жугуштуу оорунун белгилүү аймакта жашаган элдин арасында массалык таралышы.
Эпидемиянын өөрчүшүнө алдын ала эмдөө каражаттарынын жоктугу, калктын жыш жайгашуусу, миграциясы (бир жерден экинчи жерге барышы), калк жашаган жерде тазалыктын жоктугу, согуш, табигый кырсыктар, ачкачылык жана башкалар түрткү берет. Мындай убакта элдин турмуш деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу жалпы санитария-гигиеналык абалы начарлап, мурунку сейрек кезигүүчү жугуштуу ооруга шарт түзгөндүктөн, эпидемияга айланат. Эпидемия континенттерге же дүйнөгө таралса пандемия деп аталат.

Эпидемияга каршы чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпидемияга каршы чаралар калктуу жерлерди таза суу менен камсыздоо, канализация жүргүзүү, тазалоо, тамак-аш азыктарын даярдоо, ташуу, сактоо жана сатууда санитариялык жана ветеринариялык көзөмөл жана башкалар жалпы алдын алуучу чараларды камтыйт; калктын жугуштуу ооруларга чалдыкпастыгын жогорулатуу чоң мааниге ээ (Эмдөө). Жугуштуу оору менен биринэкин адамдар ооруй баштаса же эпидемияга айланса ал андан ары таралып кетпес үчүн алдын ала чара көрүү негизги роль ойнойт. Ал үчүн ооруну тез аныктап, оорулууну биринчи күндөн баштап ооруканага же үйдө өзүнчө бөлүп багуу (Балдардын жугуштуу оорулары) керек. Оорулуу болгон жерлерди (үйдү, балдар мекемелерин жана башкалар) дезинфекциялайт; оорулуу менен байланышкан адамдарга инкубациялык мезгил өткүчө медициналык байкоо (былжырлуу челдерди жана терини текшерүү, дененин температурасын өлчөө жана башкалар) жүргүзүлөт; ошондой эле оорулууну (оорунун анча-мынча белгиси байкалса) жана бактерия таратуучуларды аныктоо үчүн лабораториялык (анын ичинде бактериологиялык) изилдөө жүргүзүлөт. Мындай байкоо мезгилинде үй-бүлөдө балдардын жана чоңдордун саламаттыгына кылдат байкоо жүргүзүлүп, оорунун алгачкы белгиси билинер замат врачка кайрылуу, өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Айрым ооруларда оорулуу менен жолуккан адамдарга алдын алуу максатында гаммаглобулин, бактериофаг жана башкалар препараттар куюлат.

Эпидемияга даярдык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпидемияга даярдык өзүнө ооруларды эпидемиологиялык жактан көзөмөлдөө тутумунун болушун; ыкчам кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлерин, айрыкча жергиликтүү ыкчам кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлерин тез багыттоо жөндөмүн; ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин коопсуздугуна жана ден соолугуна кепилдик берүүнүн мыйзамдуу ыкмасын камтыйт.[1]  

Эпидемияга каршы майнаптуу даярдануу көп деңгээлдүү мүнөзгө ээ. Биринчи баскыч – ооруларды эпидемиялык жактан көзөмөлдөө тутуму. Мисалы, Танзанияда 200 саламаттыкты сактоо мекемесин текшерген жана жугуштуу оорулардын жайылышын көзөмөлдөгөн улуттук лаборатория бар.

Кийинки баскыч – өзгөчө кырдаалга иш жүзүндө жооп кылуу. Америкалык баяндамачы Майкл Герсондун 2015-жылдагы маалыматы боюнча, мындай өзгөчө кырдаалга жооп кылуу үчүн АКШнын аскер күчтөрү менен НАТОнун гана орошон мүмкүнчүлүгү бар.[2]  

Ошентсе да, эң эле тыкыр даярдык чараларына карабастан, тез жайылып жаткан эпидемия саламаттыкты сактоо ресурстарынан ашып түшүп, аларды оңой эле бүлүндүрүшү мүмкүн. Демек, «эпидемиянын ийри сызыгын тегиздөө» деп аталган кесепеттерди азайтуу боюнча эрте жана чечкиндүү чараларды көрүү абзел.

Мындай чаралар адатта социалдык/тулку-бойлук аралык, карым-катнашты катуу көзөмөлдөө, өзүн-өзү обочолонтуу үчүн сунуштар сыяктуу дары-дармексиз кийлигишүүнү жана тиешелүү жекече сактануу каражаттарын да (мисалы, бет кап, мээлей жана илдеттин жайылышына бөгөт болуучу заттык тоскоолдуктар) камтыйт.[3]

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инфекцияны козгогуч бир нече өзгөрүүлөргө учурап, андан кийин эпидемияны пайда кылат. Бул өзгөрүүлөргө төмөнкүлөр кирет:

  • илдеттүүлүктүн күчөшү;
  • жаңы чөйрөгө киришүү;
  • адамдын инфекциялык козгогучту кабылдагычтыгынын өзгөрүшү.

Эпидемиялык илдет жугуштуу болушу шарт эмес[1]  жана бул термин Батыш Нилдеги калтыратмада[2]  жана семирип кетүү эпидемиясында да колдонулган (мисалы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан). [4]

Эпидемиянын чыгышын тескеген шарттар булганган суу сыяктуу инфекция жуккан тамак-аш азыктарын, илдеттерди таркаткычтар - келемиштер же чиркейлер сыяктуу кээ бир жаныбарлардын популяцияларынын көчүп-конуусун камтыйт.

Айрым эпидемиялар белгилүү мезгилдерде болуп өтөт. Мисалы, көк жөтөл жаз мезгилинде пайда болсо, ал эми кызамык эки эпидемияны (бири кышында, бири март айында) пайда кылат.

Сасык тумоо, суук тийүү жана тамак оору сыяктуу жогорку дем алуу жолдорунун бөлөк оорулары негизинен кыш мезгилинде болот.

Биринен кийин бири келген эпидемияларда жабыр тарткандардын да жана каза болгондордун да саны жагынан айырмачылык бар: удаалаш эпидемиялардын оордугу 5-10 жыл ичинде бирде кычап, бирде басащдап турду.[3]  

Эпидемиялардын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы очоктон дүрт этиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпидемия жалпы очоктон дүрт эткенде жабыркаган адамдар жалпы козгогучтун таасирине дуушар болушкан. Эгер таасир бирин-серин болуп, бардык жабыркаган адамдарда оору бир инкубациялык курс учурунда жана бир жолу байланышкандан кийин уланса, анда муну чекиттүү очоктон чыккан деп атоого болот. Эгерде таасир үзгүлтүксүз же өзгөрүлмө болсо, анда аны ошого жараша илдеттин үзгүлтүксүз же үзгүлтүктүү дүрт этиши деп атоого болот.

Таралуучу эпидемия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таралуучу эпидемияда оору адамдан адамга жугат. Жабыркаган кишилер оорунун оз алдынча ташуучуларына айланышы мүмкүн, бул илдеттин андан ары таралышына алып келет.[5]

Көптөгөн эпидемиялар жалпы очоктун да, жайылып жаткан эпидемиялардын да мүнөздөмөлөрүнө ээ болот. Мындай түрлөрдү кээде аралаш эпидемиялар деп аташат.

Мисалы, жалпы очоктун таасирине дуушар болгондон кийин бир кишиден экинчисине экинчи жолу жугушу мүмкүн, же айлана-чөйрөнүн таркаткычтары зооноздук козгогучту жайылтышы ыктымал.[6]  

Ири эпидемиялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Юстиниан кара тумоосу (чумасы)» (551-580) Чыгыш Рим империясында пайда болуп, бүтүндөй Жакынкы Чыгышты камтыган. Аталган эпидемиядан болжол менен 100 млн. жакын адам өлгөн.
  • «Кара ажал» – бул XIV кылымда орто кылымдагы Европаны каптаган без шишиги (бубон) жана өпкөнүн кара тумоосу (чумасы). 100-200 миллион адамдын өмүрүн алган.
  • «Испан тумоосу» («испанка»). Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки эпидемиянын натыйжасында 550 миллиондон ашуун адамга же планета калкынын 30%ына жуккан.[7]  Болжол менен 50-100 миллион киши же дүйнө калкынын 2,7-5,3%ы каза болгон.[8]  Бул эпидемия адамзат тарыхындагы эң ири апааттардын катарына кирет.[9] Archived 2021-01-20 at the Wayback Machine [10]   Ошентип, илдетке чалдыккандардын арасында өлгөндөр 10-20%ды түздү.

Балдардын жугуштуу оорулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдардын жугуштуу ооруларында оорулуу менен бирге болгон балдар белгилүү мөөнөткө чейин же лабораториялык жыйынтык чыкмайынча балдар мекемелерине кабыл алынбайт; эгер оорулуу ооруканага жаткырылбаса, анда аны өзүнчө көпкө кармоо керек. Кептөөр, менингит, ич келте менен ооруган балдар мекемелеринин кызматкерлерине текшерүүнүн жыйынтыгы чыкмайынча иштөөгө уруксат берилбейт. Текшерүүдө бактерия таратуучулар аныкталса, алар дарылануудан өтүшөт. Ичеги-карын жугуштуу ооруларынын бактериясын таратуучулар тамак-аш азыктары менен иштесе алар ишке, балдардан табылса балдар мекемелерине барууга тыюу салынат. Балдар мекемелеринен жугуштуу оору чыкса тийиштүү топ карантинге алынып, жаңы балдарды кабыл алууга, балдарды бул топтон башка топко которууга болбойт. Оору кайталанса карантиндин мөөнөтү узартылат. Айрым жугуштуу ооруларда бөлүп багуунун жана карантиндин мөөнөттөрү: кептөөрдө — бактериологиялык текшерүүдөн оору козгогуч табылбай калганга чейин; көк жөтөлдө — 7 жаштан жогорку балдар үчүн 14 күн (эгер ооруканага жатпаса 25 күн), кызылчада — мурда кызылча менен оорубаган, эмделбеген балдарга 17 күн (гаммаглобулин алгандарга 21 күн); менингококк инфекциясында — бактериологиялык текшерүүдөн козгогуч табылбай калганга чейин; топтогу карантиндин мөөнөтү 10 күн; суу чечекте —7 жашка чейинки мурда оорубаган балдар үчүн 21 күн; эпидемиялык паротитте — ооруй элек 10 жашка чейинки балдар үчүн 21 күн; скарлатинада — мектепке чейинки, ошондой эле 1 — 2-класстагы балдар үчүн 7 күн, оорулуу үйдө багылса 17 күн; ангина же скарлатина менен ооруган балдарга жолуккандарды бөлүп багуунун мөөнөтү 22 күн (ангина кармагандан баштап); вирустук гепатитте (Боткин оорусу) карантиндин мөөнөтү 35 күн; бирок гамма-глобулин алган балдар карантин тобуна жиберилет.

Эпидемия очогу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпидемия очогу — жугуштуу оорулуу же оору козгогуч алып жүргөн адамдын жашаган жайы, жери (үйү, иштеген мекемеси жана башкалар). Эпидемия очогу жугуштуу оорунун булагы болгондуктан ал калк арасында таралышында чоң роль ойнойт. Эгерде оорулуу врачка эртерээк кайрылбаса, өз убагында өзүнүн тегерегиндеги соо кишилерден бөлүнбөсө, туура, жакшы дарыланбаса оору узакка созулуп же өнөкөт түргө айланат. Оорулуу анын козгогучтарын алып жүрүп, аларды организминен тышка чыгарып турат. Натыйжада айлана-чөйрөдөгү суу, тамак-аш, идиш-аяк, буюмдар жана башкалар булганып, оору дагы башка кишилерге жугуп, жаңы эпидемия очогу пайда болот. Айрыкча жугуштуу ичеги-карын ооруларынын эпидемия очогу көбүрөөк кезигет. Себеби мындай оорулуулар көп убакта чоң кишилерде жеңил өтүп, оорулуу врачка кайрылбагандыктан, ал убагында ачылбай оорунун булагы болуп кала берет. Ал эми кээ бир жугуштуу оорулар капысынан катуу кармап, оор болгондуктан оорулуу эрте врачка кайрылат да, өз убагында аны бөлүп, ооруканада дарылоо, дезинфекция жүргүзүлүп, карантин коюлуп, чогуу болгондор эмделет. Натыйжада эпидемия очогу пайда болбойт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. [11]
  2. [12]
  3. "Epidemic." Black's Medical Dictionary, 42nd Edition. London: A&C Black, 201e. web. 17 September 2012.