Аскиз маданияты

Википедия дан

Аскиз маданияты - хакастардын орто кылымдардагы (10-17-к.) Иртыштан Байкалга жана Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган археологиялык маданияты; Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде өкүм сүргөн. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л. Р. Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) Аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (1112-к.), Енисей жазуулары (Орхон-Енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө мүрзөлөр жана башка кирет, ошондой эле алтын, күмүш менен кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-кылымда Аскиз маданияты Чыгыш Европада, анын ичинен Орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598-1718-ж.) жана христиандаштырылышы Аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1