Мазмунга өтүү

Аскорбин кычкылы

Википедия дан
Аскорбин кислотасы‎»‎ барагынан багытталды)
Аскорбин кычкылы

Аскорбин кычкылы - (С витамини) организмдеги кычкылдануу, калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашуу процессинде негизги роль ойнойт. С витамининин жетишсиздигинен кан тамырлардын капталдарынын өткөргүчтүгү артып, кемирчек, сөөк тканы бузулуп, цинга оорусу пайда болот (к. Витамин жетишсиздиги). Аскорбин кычкылы киши организминде пайда болбойт жана топтолбойт. Ошондуктан С витамининин керектүү өлчөмү (күнүнө чоң кишилерге 50-100 мг, балдарга 30-70 мг) тамак менен келиши керек. С витамини негизинен жемиштерде, жашылча-мөмөлөрдө көп. Бул витаминге күнүмдүк талапты капуста, картошка, көк пияз, томат менен тамактануу толуктайт. С витамини көбүнчө ит мурундун ашында (100 г кургатылган ит мурун ашында 1500 мг-га чейин), кызыл мурчта (250 мг) болот, чычырканактын ашында, апельсинде, лимондо да көп; жаныбардан алынган азыктарда өтө аз.

С витамини сууда жакшы эрийт; витаминдердин ичинен эң туруксузу бат кычкылданат. Жашылчаны бышырганда С витамининин А бөлүгүнө жакыны жоголот. Тамакты жылытуу жана узакка сактоодо витамин азаят. Азыктарды ачытууда С витамини жакшы сакталат. Тоңдурулган мөмө менен жашылчаларды эриткенде С витамини туруксуз болуп калат, ошондуктан эриген продуктуларды тез тамакка колдонуу керек. С витамини жазында көк пиязда жана бул витамин жакшы сакталуучу консерваланган кээ бир азыктарда, мисалы, томат паста, көк буурчакта көп болот. СССРде С витамининин биологиялык баалуулугун көтөрүү жана С витамининин жетишсиздигин алдын алуу үчүн балдар мекемелеринин, оорукананын, төрөт үйлөрүнүн тамактары витаминдештирилет. Өнөр жайда 0,5 жана 2,5 г аскорбин кычкылысы бар таблеткалар чыгарылып, ал даяр тамакты витаминдештирүүдө колдонулат. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8