Асман меридианы

Википедия дан

Асман меридианы - асман сферасынын чоң тегереги. Ал дүйнө уюлу жана байкоо жүргүзүлүүчү орундагы зенит аркылуу өтөт. Анын тегиздиги байкоо жүргүзүлүүчү орундун географиялык меридиан тегиздиги менен дал келип, математикалык горизонтту түштүк жана түндүк чекиттеринен кесип өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1