Асма конструкциялар

Википедия дан

Асма конструкциялар (курулуш механикасында) - негизги элементтери чоюп керүүчү гана күчтөрдү кабыл алуучу курулуш конструкциялары. Ал элементтер болот зым аркан, чынжыр зым, зым тор жана калдыркандан жасалат. Асма конструкциялар аз каражат жумшалып, оңой курулуучу жеңил конструкцияларды тургузууга мүмкүндүк берет. Көпүрө салууда, кенен имараттарды жабууда мейкиндик вант системалары, катуу калдыркан жана серпилме жука конструкциялар көбүрөөк колдонулат. Мейкиндик вант системасынын түрү көп. Ал көбүнчө кайчылашкан зым аркандан түзүлгөн тордон турат. Катуу калдыркандын жүк көтөргүч негизги элементтери - кайчылаш салынган болот аркандар. Куруу убагында тордун үстүнө бетон же темир-бетон плиталары жабылып, алардын жиктерине бетон, цемент эритмеси куюлуп бекитилет. Серпилме конструкциялар көбүнчө калдыркан элементтерден же кендир таардан жасалат. Бийик түркүктөр аркылуу капчыгайдан же дарыядан өткөрүлгөн ийилме түтүктөр да асма конструкциялардын түрүнө кирет. Мында керүүчү күчтөр болот аркандары бекитилген темир-бетон алкактарга, түркүктөрдүн үстүнө коюлган шакектерге берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1