Аспарагин кислотасы

Википедия дан

Аспарагин кислотасы (аминакак кислотасы) НООССН2СН(NH2)COOH – түссүз кристалл; молдук массасы 133,1; D-А.к. балкып эрүү t 280оС; L-А.к. балкып эрүү t 270оC, L- жана D- А. к. балкып эрүү t 300оС; сууда начар эрийт, органикалык эриткичтерде эрибейт. Аспарагин кислотасы – кадимки алифаттык a- аминок-та. L-изомери организмде кайра аминдөөдө, мочевина, пиримидин негиздери биосинтезинде чоң роль ойнойт. Фумар кислотасына чейин айланат. L-А. к. – коддолгон амин кислотасысы. Көпчүлүк организмдерде эркин түрүндө жана белоктор курамында кездешет. L-А. кислотасын белок-гидролизатор менен бөлүп алынат. Аспарагин кислотасы анализи жана бөлүп чыгаруу ыкмалары анын Са жана Ва туздары эрибестигине негизделген. L-изомери пептиддер синтездөөдө, башка амин кислоталары менен бирге тамактанууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1