Ассемблер

Википедия дан

Ассемблер (англисче: assembler - жыйноочу) - ассемблер тилинде жазылган программанын баштапкы текстин машина тилинде программага которгуч.

Тилдин өзү сыяктуу эле, ассемблерлер, адатта, белгилүү бир архитектура, операциондук систем жана тилдин синтаксисинин версиясы үчүн жарамдуу. Бирок түрдүү платформаларда жана операциондук системдерде иштей берүүчү мультиплатформалык же толугу менен универсалдуу ассемблерлер болот (тактап айтканда, чектүү универсалдуулар, анткени, төмөн деңгээлдеги тилде аппараттык көз карандысыз программа жазуу мүмкүн эмес). Акыркылардын арасынан кросс-ассемблерлер тобун бөлүп айтууга болот. Алар башка архитектуралар жана операциондук системдер үчүн машина кодун жана колдонулган модулдарды (файлдарды) чогулта алышат.

Ассемблдөө программанын аткарылчу модулун алуу жолундагы биринчи дагы акыркы дагы баскыч болбошу мүмкүн. Мисалы, көпчүлүк компиляторлор жогорку деңгээлдеги программалоо тилдеринен ассемблер тилиндеги программа түрүндө жыйынтык берет. Буларды илгериде ассемблер иштеп чыгат. Ошондой эле, ассемблдөөнүн жыйынтыгы аткарылчу эмес, объектилик модул болушу мүмкүн. Бул модул машиналык коддун чачкын блокторун жана программалар тууралуу маалыматтарды камтыйт. Булардан (же бир нече объектилик модулдан) байланыш редакторунун жардамы менен илгериде аткарылчу файл алуу мүмкүн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]