Ассимиляция (биологияда)

Википедия дан

Ассимиляция (биологияда) анаболизм - тирүү организмдеги химиялык процесстер; зат алмашуунун бир түрү. Ассимиляцияда организм сырткы чөйрөдөн өзүнө керек ар кандай органикалык же органикалык эмес заттарды алуу менен жашоосун, өсүп-өнүгүшүн камсыз кылат. Бардык тирүү организмдер үчүн энергиянын биринчи булагы - Күн нуру. Автотрофтуу организмдер (жашыл өсүмдүктөр жана кээ бир бактериялар) Күн нурун пайдалануу менен органикалык эмес заттардан (CO , H O ж.б.) органикалык заттарды (углеводдор, белоктор, аминкислоталар жана башка) пайда кылат. Гетеротрофтуу организмдер органикалык заттарды синтездегенде катаболизм процесстеринен пайда болгон энергияны пайдаланат. Бактериялар органикалык эмес заттар кычкылданганда бөлүнүп чыккан энергияны керектейт. Ассимиляция көбүнчө жаш жаныбарларда жана өсүмдүктө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1