Астра

Википедия дан
Астра

Aster amelus
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Aster L., 1753

Номенклатуралык тиби

Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  35510
NCBI  41479
EOL  21217463
GRIN  1069
IPNI  7761-1
Астрадагы Бал аары

Аcтpa (Aster) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Аcтpaнын 250дөн ашык түрү бар. Ал гүлүнүн түрү, түсү, сабагынын бийиктиги, бутактап өсүшү жана башка боюнча айырмаланат. Көп жана бир жылдык түрү бар. Көп жылдык Аcтpa Түндүк Америкадан таралган. Сабагы бутактуу, бийиктиги 20—150 см, суукка чыдамдуу. Көбүнчө кеч күздө гүлдөөчү сорту өстүрүлөт. Уругу күзүндө же жазында 0,5 см тереңдикте себилип, экинчи жылы гүлдөйт. Бир жылдыгы Кытай, Япониядан таралган. Жапыз (15—25 см), орто (30—50) жана бийик (60—80) өсүүчү сорттору бар. Көчөтүнөн же уругунан өстүрүлөт. Уругу кеч күздө же эрте жазда себилет, 7—8 күндө текши өнүп чыгат, 3—4 айда, суук түшкөнгө чейин гүлдөйт. Кыргызстандын тоолорунда 1 түрү - альп Аcтpaсы өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. Тукум Aster тууралуу маалыматтар Index Nominum Genericorum маалымат базасында Өсүмдүктөрдүн таксономиясы тууралуу эл аралык ассоциациясы (IAPT)(англ.)