Астробиология

Википедия дан

Астробиологиябиологиянын Ааламдагы ар кандай асман телолорундагы тиричиликти изилдөөчү бөлүмү. Ааламдагы эң жөнөкөй органикалык клеткалардын жаралышын жана аларда жашоонун жогорку формасына өтүп жетилишин, ошондой эле Жердин жасалма жандоочуларын, узакка жашаган жаныбар жана космонавттын организминин иштөө функцияларын да, ошондой эле изилдөө мүнөзүнө жараша Күн системасынын жана андан тышкары башка галактикадагы планеталарды изилдейт. Күн системасындагы планеталарга ар кандай космос кемелерин учуруу менен Меркурийде, Чолпондо жана Айда тиричиликтин болушу мүмкүн эместиги далилденди. Марс планетасы Жерге эң окшош, анда басым 10 Мбар, температурасы күндүз 30 , түнкүсүн -70°, атмосферасында Н2О, СО2 ж-а О2 кездешет. Мындай шартта Жердеги микроорганизмдер жанданышы мүмкүн. Анын бетиндеги кара тактар чаң бороонунун, ал эми «уюлдук ак шапкелер» кыроонун пайда болушу менен түшүндүрүлөт. Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун жана Плутон планеталарында тиричилик жок, себеби атмосферасы аммиак жана метандан, ал эми тышкы катмары гелий - суутектен турат. Жердеги тиричиликтин пайда болушуна шарт түзгөн көмүртек жана суутектин эң жөнөкөй бирикмелери башка планеталарда да бар экендиги далилденүүдө. Алар жеке эле Жер шарында эмес, Ааламдагы башка планеталарда да жашоо тиричиликтин чыгышына себепкер болушу ыктымал. Ааламдын башка бөлүктөрүндөгү цивилизацияны Жердин жандоочусу - Айга жана ири астероиддерге астрологиялык лазер, оптика жана радио түзүлүштөрдү, радиотелескопторду орнотуу менен изилдөөгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1