Мазмунга өтүү

Астрохимия

Википедия дан

Астрохимияастрономиялык изилдөөлөрдүн багыты. Ал асман телолорунун (жылдыздардын), алардын арасындагы чөйрөнүн жана протопланеталык дисктердин химиялык курамын, ошондой эле андагы химиялык процесстерди изилдейт. Анын негизги ыкмаларынын бири - астроспектроскопия. Астрохимия төмөнкүдөй бөлүмдөргө бөлүнөт: 1) бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 100 см3 жана температурасы бир нече 100 К болгон диффузиялык булуттардын (жылдыз аралык) астрохимиясы. 2) Концентрациясы 104 см3 жана температурасы бир нече 10 К болгон тыгыз молекулалык булуттардын астрохимиясы. 3) Протопланеталык дисктердин астрохимиясы. 4) Согуучу толкундардын жана жылдыз айланасындагы кабыкчалардын астрохимиясы. Жылдыз кабыкчасында молекулалардын, андан кийин чаңдын пайда болушунун ролу чоң. Муздак ири - жылдыздарда бул процесс жылдыз шамалынын параметрин, жаңы жылдыздарда жылдыз аралык чөйрөгө оор элементтердин чыгуу темпин аныктайт. Космосто өтө көп түрдүү молекулалар болот. 21-кылымдын башында 130дан көп (жөнөкөй эки атомдуудан 13 атомдуу HC11N чейин) молекула белгилүү. Космосто, ошондой эле көптөгөн реакциялар жүрөт, анын маанилүүсү атомдук суутектин (Н) мол. суутекке (Н2) айлануусу. Бул молекула (Н2) космосто кеңири тарап, калган молекулалардын пайда болушунда мааниси чоң. Космостогу молекулаларды үйрөнүү Ааламдын, галактика менен жылдыздардын пайда болуусун түшүнүүгө, жаңы жылдыздарды, жылдыз эволюциясынын кийинки этаптарын изилдөөгө жардам берет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1