Асфальт

Википедия дан
Асфальт.
Асфальт.

Асфальт (б.-грек. ἄσφαλτος - тоо чайыры) - битум менен майда минерал заттардын (акиташ, кум жана башка) аралашмасынан турган курулуш текзаты (материалы). Асфальт табигый жана жасалма болуп бөлүнөт. Табигый асфальт жеңил фракциялардын бууланышынын жана гипергенездин таасири астында окистенишинин натыйжасында нефтиден пайда болот. Нефть адегенде илээшкек коюу мальтка, андан кийин оңой эрүүчү катуу асфальтка айланат. Асфальттын андан ары өзгөрүшү асфальтитти пайда кылат. Асфальт жаратылышта курамы 2-20%га чейин асфальтити бар акиташ тегинин, доломиттин жана башка тоо тектеринин жаракасында кезигет. Жасалма асфальт майдаланган минералдык заттарга аралаштырылган 13-60% битум аралашмасы. Табигый асфальттын курамында нефть майы көп жана бир нече процент парафин болот. Асфальт күкүмдөрүн ысытуу убагында аларды табигый же нефть битуму менен аралаштырып, асфальт мастикасын даярдайт. Асфальт мастикасы бир өңчөй түзүлүштө болууга жана андагы битумдун кошундусу боюнча салмагы 13%дан кем болбоого тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1