Асфальт (боёк)

Википедия дан

Асфальт (боёк), битум (грек. asphaltos, же фр. bitume) – живопись технологиясында өткөн мезгилде кеңири тараган, казылып алынган кочкул-күрөң түстөгү чайыр затынан алынган тунук сыр. Асфальтты ашыкча жана абайлабай колдонуу сүрөттүн астыңкы катмарындагы асфальттын үстүңкү катмарына өтүп, боёкту карартып жиберет. Бул XVIII–XIX кылымдарда майлуу боёктор менен тартылган сүрөттөргө көп зыян келтирген жана сүзүп жүрүүчү кракелюрду пайда кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]