Асыл тукум мал

Википедия дан

Асыл тукум мал - тукумун жакшыртуу үчүн атайын тандалып алынган кунардуу, таза кандуу мал. Асыл тукумдуулук белгилер, айрыкча тукумдук эркек малда (кочкор, бука, айгыр жана башка) болот. Ошондуктан таза тукум мал өстүрүү үчүн дыкаттык менен асыл тукумдук эркек мал тандалып алынат. Тукум куума сапатын жаңыртып туруу максатында асыл тукум мал тандоо алардын теги жана тукумунун сапаты боюнча жүргүзүлөт. Теги кунардуу жана асыл тукумдуу бир нече муундан кийинки асыл тукум мал өтө баалуу деп эсептелет. Тукумунун сапаты, кунардуулугу жана теги документтер боюнча такталып, негизги көрсөткүчтөрүнө (мисалы, сүт багытындагы уйдун сүттүүлүгү, майлуулугу; эт багытындагы малдын төлүнүн тез чоңоюшу; койдун жүндүүлүгү, жүнүнүн сапаты жана башка) жараша аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1