Асымбекова Гүлнара Үмөтовна

Википедия дан

Асымбекова Гүлнара Уметовна – медицина илимдеринин доктору, профессор, жогорку категориядагы доктор, профессор Асымбекованын клиникасынын директору, КРнын социалдык маселелер боюнча экс-вице-премьер-министри.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1960-жылы 17-июнда Ысык-Көл облусунун Каракол районундагы Каракол шаарында туулган. 1982-жылы КММИни, 1996-жылы Орусия Медицина илимдер академиясынын Акушердик, гинекология жана перинатология илимий борборунун докторантурасын (Москва) бүтүргөн. Медицина илимдеринин доктору (1997). Кыргыз акушердик жана педиатрия илим изилдөө институтунун (КАПИИИ) перинатология бөлүмүндө кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, башчы болуп иштеген, Кыргыз-Орус Славян Университетинин профессору, 1997-жылдан бери КАПИИИнин илим боюнча директорунун орун басары. Акушердик, гинекология жана перинатология тармактары боюнча адис. “Кыргыз Республикасынын акушерлер-гинекологдор ассоциациясы” Коомдук бирикмесинин уюштуруучусу. Орусия Илимдер академиясынын кандидаттык жана доктордук иштерди коргоо боюнча атайын кеңешинин төрайымы (Москва ш.).

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асымбекова Гүлнара 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун “Дарыгер иши” адистиги боюнча аяктаган. 1984-1987-жылдары Кыргыз акушердик жана педиатрия илим-изилдөө институтунун (КАПИИИ) аспирантурасында (сырттан) окуган. Кийин Москва шаарында Орусиянын Акушердик жана педиатрия илимий борборунун (ОАжПИБ) аспиранты болуп, 1987-1988-жылдары ошол жерде окуган. Үч жылдан кийин Гүлнара Уметовна Москвадагы ОАжПИБнын докторантурасына тапшырып, аны 1997-жылы аяктаган. Асымбекова Гүлнара Франция, Дания, Канада, АКШ, Израиль, Тайвань, Орусия, Польша, Австрия, Түркия мамлекеттеринде квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1982 – 1984-жылдардын ортосунда Асымбекова КАПИИге караштуу “Акушердик жана гинекология” адистиги боюнча клиникалык ординатурада ординатор болгон. 1984-1987-жылдары ошол эле институттун кенже илимий кызматкери, 1988-1989-жылдары улук илимий кызматкер болуп иштеген. 1990-жылдан 1991-жылга чейин ал КАПИИИнин перинатология бөлүмүн жетектеген. Арадан жылдар өтүп, 1997-жылдан 2003-жылга чейин  КАПИИИнин илим боюнча директорунун орун басары кызматын ээлеген.

Гүлнара Уметовна узак убакыт бою Кыргыз-Орус Славян университетинин акушердик жана гинекология кафедрасынын профессору (2003-2010) болгон.

2003-жылы профессор Асымбекованын клиникасы түзүлүп, 2011-жылга чейин директор болуп иштеген. 2010-жылы Гүлнара Уметовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын ([[“Ар-Намыс” фракhttps://knews.kg/2011/09/28/asyimbekova-gulnara-umetovna/циясы|“Ар-Намыс”(жеткиликсиз шилтеме) фракциясы]]) депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

2011-жылдын декабрынан тартып 2012-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри (“Ар-Намыс” партиясынын квотасы боюнча) кызматын аркалаган.

Гүлнара Асымбекова Кош бойлуу кездеги гипертензиялык ооруларды изилдөө боюнча эл аралык коомдун мүчөсү (Улуу Британия).

1998-жылдан бери “Акушер-гинекологдордун Азия жарчысы” эл аралык илимий-практикалык журналынын башкы редактору жана негиздөөчүсү.

Асымбекованын клиникасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Асымбекованын клиникасы 2003-жылы түзүлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы менен иштейт. Клиникада 100дөн ашык кызматкер эмгектенет. Алардын арасында профессорлор, доценттер, медицина илимдеринин докторлору жана кандидаттары; акушер-гинекологдор, неонатологдор, педиатрлар, анестезиологдор, терапевттер, жанаша адистиктеги дарыгерлер, акушерлер жана жогорку категориядагы медайымдар бар. Archived 2022-02-09 at the Wayback Machine

Илимий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлнара Асымбекова көптөгөн илимий эмгектердин автору. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 окуу китеби жарык көргөн. Алардын арасында: “Кош бойлуулук учурунда дарыларды эффективдүү жана коопсуз колдонуунун фармакокинетикалык принциптери” (авторлош) (Москва шаары, 1993-жыл), “Плацентардык өнөкөт жетишсиздик: алдын алууда жана дарылоодо аспирин”. (Москва шаары, 1996-жыл), “Кош бойлуу кездеги гипертензиялык оорулар” (авторлош) (Бишкек шаары, 2001-жыл), “Акушердик кан агуу” (авторлош) (Бишкек шаары, 2001-жыл), “Сепсис” (авторлош) (Бишкек шаары, 2001-жыл).

Анын жетекчилиги астында 16 кандидаттык диссертация корголгон[1].

19 эл аралык сертификаты бар[2].

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саламаттык сактоонун отличниги.

Билим берүүнүн отличниги.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://knews.kg/2011/09/28/asyimbekova-gulnara-umetovna/

https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/scientists-kyrgyzstan/1751-asymbekova-gulnara-umetovna-1960.html

https://clinic.kg/ourpersonal/


[1] https://centrasia.org/person2.php?st=1289420607

[2] https://centrasia.org/person2.php?st=1289420607

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1