Байламта: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук
3-сап: 3-сап:
Байламта механикалык жактан бышык болуу менен бирге чоюлгуч касиетке ээ. Машыгуу жана көнүгүүлөрдүн натыйжасында байламтанын чоюлгучтугу бийчилерде, гимнасттарда, акробаттарда эң жогору болот. Байламта муундун туура эмес кыймылынан, ага оор күч таасир эткенде чоюлуп же үзүлүп кетет. Көбүнчө кызыл ашык жана кырк муундун байламтаны жабыркайт, бул учурда муун шишип, ооруйт, кыймылы азаят. Байламта жабыркаганда тезинен врачка кайрылыш керек, врачка чейин муунду кыймылдатпай таңып коюу зарыл. Кеч жана туура эмес дарылаганда көпкө чейин айыкпай, муун туруксуз болуп, кайрадан чоюлушу мүмкүн.

==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
*Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Медицина]]

17 февраль 2013, саат 14:03 учурдагы нуска

Байламта

Байламтаскелет сөөктөрүн бириктирүүчү ар кандай формадагы (тасма сымал жана башка) туташтырма ткандуу тарамыш. Аны түзүүчү туташтырма ткандын мүнөзүнө жараша ийилгичтиги, чоюлгучтугу, серпилгичтиги, бышыктыгы ар кандай болот. Бала чакта байламта серпилгич, ийилгич болот, жаш өткөн сайын бул касиеттери азайып, кээде сөөккө айланышы мүмкүн. Байламта негизинен муунга жакын жайгашып, муун кабында, анын тегерегинде ар кандай багытта жайгашып, сөөктөрдү белгилүү абалда кармап, аларды ажырап кетүүдөн сактайт жана кыймылга келтирет же кыймылын азайтат. Алардын учтары сөөктүн өзгөчө дөңчөлөрүнө бекийт. Ири байламта жамбаш, тизе, чыканак муундарында, ошондой эле омуртка тутумунда жайгашат. Жамбаш байламта айрыкча чоң мааниге ээ. Ал эки жамбаш сөөгүн куймулчакка бириктирип, омуртка тутуму менен тулкунун бүт салмагын көтөрүп турат.

Байламта механикалык жактан бышык болуу менен бирге чоюлгуч касиетке ээ. Машыгуу жана көнүгүүлөрдүн натыйжасында байламтанын чоюлгучтугу бийчилерде, гимнасттарда, акробаттарда эң жогору болот. Байламта муундун туура эмес кыймылынан, ага оор күч таасир эткенде чоюлуп же үзүлүп кетет. Көбүнчө кызыл ашык жана кырк муундун байламтаны жабыркайт, бул учурда муун шишип, ооруйт, кыймылы азаят. Байламта жабыркаганда тезинен врачка кайрылыш керек, врачка чейин муунду кыймылдатпай таңып коюу зарыл. Кеч жана туура эмес дарылаганда көпкө чейин айыкпай, муун туруксуз болуп, кайрадан чоюлушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8