Байламта

Википедия дан

Байламталар - сүйлөмдөрдү же сүйлөм тизмесиндеги сөздөрдү өз ара тутумдаштыруучу кызматчы сөз.

Байламталар түзүлүшү жагынан жөнөкөй (а, ары, бирок ж. б. ) жана татаал (ал эми, анткени менен ж. б.); мааниси, аткарган милдети боюнча, багындырбас: байланыштыргыч (ары, жана ж. б.), каршылагыч (а, бирок ж. б.), божомолдогуч (же, же болбосо ж. б.) жана багындырма: себеп (анткени, себеби ж. б.), шарттуу (эгер, эгерде), салыштырма (кандай, ошондой, канча, ошончо ж. б.) болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.