Тарамыш

Википедия дан
Тарамыш

Тарамыш — туура ала же скелет булчуңдарынын бир бөлүгү.

Жайгашуусу жана түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарамыш көпчүлүк булчуңдардын эки учунда, айрым булчуңдардын (мисалы, ич булчуңдарынын) ортосунда жайгашып, аны бөлүктөргө бөлүп турат. Тарамыш аркылуу булчуңдар териге, сөөктөргө, булчуң тосмолоруна бекип, жыйрылганда өзүлөрү менен бирге аны кыймылга келтирет.
Тарамыш бекем туташтырма ткандардан туруп, жылтырак, агыш түстө болот. Мындай болушунун себеби кан тамырлар булчуңдарга караганда тарамышта өтө аз болот. Ошондуктан кокусунан үзүлүп же кесилип кеткен тарамыштан кан акпайт. Демек, кырсыктан кийин анын айыгып өз калыбына келиши көп убакытты талап кылат. Тарамыш катуу келип чоюлбайт. Тарамыштын сөөк менен чиркелишкен жерлери назик кабыкча менен капталып турат. Бул кабыктан майланышкан суюктук муун көңдөйүнө бөлүнүп чыгып, эки чиркелешкен сөөктүн бири-бири менен сүрүлүшүн азайтып, тарамышты сөөк үстүндө жылмышчаак касиетке ээ кылат.

Сезгенгенде жана кесилгендеги чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарамыш сезгенгенде же кокусунан кесилип калса, тезинен врачка кайрылуу зарыл. Врач өз ордуна кыймылдатпай бекем таңып коёт же керек болсо хирургиялык операция жасайт. Кийин бүтүп, айыкканда ар кандай физкультуралык көнүгүүлөрдү жасатат. Тарамыш үзүлүп кеткенде демейде операция жолу менен дарылайт. Спортсмендерде тарамыштын чоюлушун алдын алууда булчуңдарга азаздан күч келтирип, бара-бара машыгуу керек. Бул учурда андагы кан айлануу жакшырып жана анын чоюлгучтугу артат. Т-тын функциясын бузуучу сезгенүү процесстерине тендованит, бурсит кирет. Бул ооруларды өз убагында врачка көрсөтпөй же аягына чейин дарылабай койгондо контрактура келип чыгышы мүмкүн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8