Мазмунга өтүү

Уулуу өсүмдүктөр: нускалардын айырмасы

Кайра 358355 жокко 46.251.209.97 (сюзюу) be categorization
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Шрп
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Кайра 358355 жокко 46.251.209.97 (сюзюу) be categorization
Белги: Жокко чыгаруу
14-сап:
== Биринчи жардам ==
Уулуу өсүмдүктөрдөн ууланууда алгач биринчи жардам көрсөтүү зарыл. Анткени ууланууда организмдин негизги функциялары (дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын иштеши, кан айлануу) бузулушу мүмкүн. Уулуу өсүмдүктөрдү жеп уукканда алгач ичеги-карынды жууш керек. Ууланган кишиге туз же марганцовканын 0,1%түү эритмеси кошулган сууну ичирип, кустуруу зарыл. Уулануунун белгилери билинбей, бирок кайсы уулуу өсүмдүктөр организмге киргени белгилүү болсо, ал ууну сиңирбес үчүн активдүү көмүр же 1 — 3 жумуртканын агын 0,5 л сүт же сууга чалып ичирип, жарым сааттан кийин кустуруп, ич алдырма дары берүү зарыл. Эгер дем алуу начарласа жасалма дем алдыруу, тамырдын кагышы басаңдаса кофе, чай берип, врач келгенче жаткыруу керек. Эгер уулуу өсүмдүктөрдүн уусу териге таасир этсе, ал жерди бир нече ирет самын менен жууп, марганцовканын 2%түү эритмеси менен сүртүү сунуш кылынат. Андан кийин дарылоону врач жүргүзөт. Уулуу өсүмдүктөрдөн ууланууиун алдын алуу үчүн калкты өздөрү жашаган чөйрөдө өсүүчү уулуу өсүмдүктөр менен тааныштыруу, балдарды уулуу жана уусуз өсүмдүктү айрып билүүгө үйрөтүү талап кылынат, кара [[Уулануу]].
== Колдонулган адабият ==
Алдаба
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Оорулар]]
294

түзөтүү