Уулуу өсүмдүктөр

Википедия дан

Уулуу өсүмдүктөр — вегетация мезгилинде уу заттарды пайда кылып, аларды өзүнө топтоочу жана киши менен жаныбарларды ууландыруучу өсүмдүктөр.
Уулуу өсүмдүктөрдүн 10 000дей түрү бардык жерде кездешет. Уу заттар — алкалоиддер, эфир майлары, глюкозиддер, чайырлар жана башкалар өсүмдүктөрдүн ар кандай органдарында (жалбырак, сабак, тамыр, гүл, уругунда) түрдүү өлчөмдө болот. Мисалы, ак кодолдун тамыры, чытырдын көк чөбү, мендубананын уругу, оймок гүлдүн жалбырагы, ачуу бадам менен чиенин данеги, апийимдин жалбырак, сабак, кутучасы уулуу болот. Өсүмдүктүн уулуулугу анын өсүү шартына, вегетациялык өсүү мезгилине жараша болот. Көпчүлүк уулуу өсүмдүктөрдүн уулуу касиети туруктуу (уу коргошун, кене дан, ачуу бадам), аларды кургатканда, ысытканда да азайбайт. Уулуу өсүмдүктөр адамга жана жаныбардын ар кандай түрүнө ар башкача таасир берет. Мисалы, чочко жаңгак менен меңдубана адамды ууктурат, ал эми куш менен коёнго зыяны жок.

Уулу өсүмдүктөр

Ромашка[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ромашканын айрым түрү курт-кумурсканы ууктурат, ал эми кишиге зыянсыз. Уулуу өсүмдүктөрдүн тийгизген таасирине жараша борбордук нерв системаны жабыркатуучу (апийим, кызгалдак, сүт тикен, меңдубана, мыя), дем алуу органдарды ууландыруучу (жалган кычы), жүрөк-кан тамырга таасир этүүчү (мончок гүл, даргын, каз таңдай, сары байчечекей, уйгак, кундуз чөп), боордун иштешин начарлатуучу (люпин), дененин терисин дүүлүктүрүүчү (чалкан, сары чай чөп) түрлөрү бар. Айрым уулуу өсүмдүктөр жашылча өсүмдүктөрүнө окшош болгондуктан тамак-ашка татымал катары жаңылыш пайдалануудан адам көп уугат. Мисалы, сасык балтыркан менен аш көк өтө окшош. Ал 2 жылдык чатыр гүлдүү өсүмдүк. Анын бардык бөлүгү уулуу болот. Кураре сымал таасир этүүчү алкалоиди бар. Андан ууккан адамдын терисинин сезгичтиги жоголуп, дем алуусу начарлайт. Оор учурда деми кыстыгып өлөт.

Уу балтыркан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уу балтыркан — кеңири таралган уулуу өсүмдүктөр. Ал сазда, суу жээгинде өсүп, айрыкча тамыры уулуу. Аны менен ууланганда тез эстен танып, тырышат; ооздон көбүк чыгат, дем алуу токтоп, өлүмгө дуушар болот.

Меңдуба[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Меңдубананын уругу өтө уулуу. Ал Кыргызстанда да көп тараган. Уругу апийимдин уругуна окшош болуп, мындан балдар көп ууланат. Анын уругунан ууланганда адамдын оозу кургап, өңү кызарып, көзүнүн кареги чоңоюп, эстен танат, жөөлүп, дем алуу борбору шал болуп, катуу уукса адам өлүмгө дуушар болот. Чочко жаңгактан ууланганда да жогоркудай белгилер байкалат. Орто Азия, ошондой эле Тянь-Шандын тоолуу жерлеринде уу коргошун (каракол уу коргошуну) өтө коркунучтуу. Анын гүлү киргилт көгүш келип, жалбырагы тарамдуу болот. Анын бардык бөлүгү, айрыкча тамыры уулуу. Тамырында аконитин алколоиди бар. Уу коргошундан ууккан адам кусат, көкүрөк ачышып ооруйт, эрин, тил, кол, буту эч нерсе сезбей, башы айланып, көзү көрбөй, укпай калат, эстен танып, өмүргө коркунуч туулат.

Козу карын[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым учурда козу карындан да ууланат. Кыргызстанда уулуу козу карындар көп. Адам уулуу козу карынды жегенден 10 саат өткөндөн кийин ичи ооруп, өтөт, кусат, алы кетип, эстен танат. Мындай уугуу айрыкча балдарда оор өтөт. Кээде уулуу эмес деп эсептелген өсүмдүктөрдөн да уулануу мүмкүн. Мисалы, ачуу бадам, өрүк, чие, моюлдун данегинде синиль кислотасы болот. Мите козу карынга чалдыккан кара буудайдын данынан да уугат. Күндө ачык калып көгөргөн картошкада соланин гликоалколоиди болуп, аны жеген кишинин ичи өтөт, жүрөгү тез кагып, демигет.

Чөптөр жана тамеки[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээде врачсыз өзүн өзү дарылоо, белгисиз чөптү кайнатып ичүү, дарыларды көп пайдалануудан уулануу мүмкүн. Тамекиде иштеген жумушчулар өнөкөт баш оорулуу болуп, табит начарлайт. Айрым өсүмдүктөрдүн мөмөсү кооз болуп, мисалы, шилби, четиндин, ыргайдын мөмөсү желчүдөй сезилет, бирок катуу ууландырып, ич өткөзөт. Ит мурундун мөмөсүңүн ичиндеги данеги түктүү болуп, карынды дүүлүктүрөт. Андыктан алардын кайнатылган ширеси пайдаланылат. Өсүмдүктөрдөн чыккан жыттар адамды ууктурат. Мисалы, шакар, ала бата, эрмен, кара шыбак, шимүүр, сасык көбүргөн, жапайы сарымсактын жыты башты айландырат. Айрым учурда зыянсыз өсүмдүктөр (кара кыяк, түбү бош, кызыл от, буудайык, шыраалжын, эрмен, кычы, ала бата, жүгөрү) гүлдөгөндө чаңча (аллергендүү зат) бөлүп чыгарып, аллергиялык реакциясы күчтүү кишилер астма, поллиноз, бөрү жатыш, ала, ич өткөк жана башкалар менен оорушат (Аллергия).

Биринчи жардам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уулуу өсүмдүктөрдөн ууланууда алгач биринчи жардам көрсөтүү зарыл. Анткени ууланууда организмдин негизги функциялары (дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын иштеши, кан айлануу) бузулушу мүмкүн. Уулуу өсүмдүктөрдү жеп уукканда алгач ичеги-карынды жууш керек. Ууланган кишиге туз же марганцовканын 0,1%түү эритмеси кошулган сууну ичирип, кустуруу зарыл. Уулануунун белгилери билинбей, бирок кайсы уулуу өсүмдүктөр организмге киргени белгилүү болсо, ал ууну сиңирбес үчүн активдүү көмүр же 1 — 3 жумуртканын агын 0,5 л сүт же сууга чалып ичирип, жарым сааттан кийин кустуруп, ич алдырма дары берүү зарыл. Эгер дем алуу начарласа жасалма дем алдыруу, тамырдын кагышы басаңдаса кофе, чай берип, врач келгенче жаткыруу керек. Эгер уулуу өсүмдүктөрдүн уусу териге таасир этсе, ал жерди бир нече ирет самын менен жууп, марганцовканын 2%түү эритмеси менен сүртүү сунуш кылынат. Андан кийин дарылоону врач жүргүзөт. Уулуу өсүмдүктөрдөн ууланууиун алдын алуу үчүн калкты өздөрү жашаган чөйрөдө өсүүчү уулуу өсүмдүктөр менен тааныштыруу, балдарды уулуу жана уусуз өсүмдүктү айрып билүүгө үйрөтүү талап кылынат, кара Уулануу.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8