Атайын мектептер

Википедия дан

Атайын мектептер - кем мүчөлүү же психикалык жактан кемчилдиги бар балдар үчүн жалпы билим берүүчү мектептер. Аларга дүлөй, сокур, начар көргөн, акылы кем, кекеч, полиомиелиттин кесепети бар жана башка өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн ачылган мектептер кирет. Аялуу балдардын ар бир категориясынын психикалык жана дене өнүгүшүнүн мыйзамченемдерин, өзгөчөлүктөрүн жана таанып-билүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн терең, комплекстүү изилдөөнүн натыйжасында мындай мектептердин ондон ашык тармагы түзүлгөн. Алар билим берүү министрлигинин карамагында мектептерди түзүүнүн жалпы принциптеринин негизинде уюштурулат, бирок структурасы, режими, тарбиялоо жана окутуу ыкмалары өз алдынча өзгөчөлүктөргө ээ. Атайын окуу планы, программасы, окуу китептери бар, аларда атайын дефектологиялык билими бар мугалимдер иштейт. Окуучулар бөлүнгөн категорияларына жараша жалпы билим алуу м-н бирге кесипке даярдалат. Бул мектептердин негизги милдети балдардын психикалык же дене-бою жагынан кемчил өнүгүшүн оңдоо болуп эсептелет, ошондуктан анын ар бир тибинин өзүнчө айырмалуу милдеттери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1