Дүлөйлүк

Википедия дан
Дүлөй‎»‎ барагынан багытталды)

Дүлөйлүккулактын укпай калышы же өтө начар угушу. Мында катуу үндү (ышкырык жана башка) же кулактын түбүнө кыйкырып сүйлөгөн тааныш сөздөрдү гана жакшы угат. Дүлөйлүктө эки кулагы тең же бир жагы укпай калат. Бир кулагы укпагандар көбүрөөк кездешет. Эки кулагы тең укпагандар атайын сурдолог жардамга муктаж болушат. Анын тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түрү тукум куума болушу ыктымал, кош бойлуулардын ар түрдүү жугуштуу оорулар менен оорушу же алкоголь ичимдиктерин ичкенде, баланын кызылча, грипп, паротит менен оорушу түрткү болот, ошондой эле резус-фактор шайкеш келбегендиктен да келип чыгышы мүмкүн. Кийин пайда болгон дүлөйлүккө кээ бир жугуштуу жана башка оорулар же кулактын кырсыкка чалдыгышы алып келет. Төрөлгөндөн кийин пайда болгон Дүлөйлүккө кээ бир жугуштуу жана башка оорулар же кулактын кырсыкка чалдыгышы алып келет. Ошондой эле кесип зыяндуулугу (ызы-чуу, дирилдөө), металл буулары (мисалы, коргошун, сымап, мышьяк) менен уулануу да себеп болот. Бала сүйлөй баштаганда (3 жашка чейинки) кулагынын укпай калышы дудук-дүлөйлүккө алып келиши мүмкүн. Дүлөйлүк капысынан же бара-бара пайда болушу ыктымал. Капысынан болгон дүлөйлүккө мээге кан куюлуу же ички кулакты кан менен жабдуучу кан тамырлардын бүтөлүп калышы, артерия басымынын кескин өзгөрүшү, баштын кырсыкка чалдыгышы, өтө уулануу себеп болот. Дүлөйлүк отосклероздо, мээ кан тамырынын атеросклерозунда жана кесип зыяндуулугунун натыйжасында бара-бара пайда болот. Анын эң алгачкы белгиси – кулак чуулдоо. Угуунун төмөндөшү өтө жай жүргөндүктөн, укпай калганда гана сезилет. Ошондуктан дүлөйлүктү пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо зарыл. Алдын алуу да балдардын угуусун текшерип туруунун мааниси чоң. Дарылоодо ар кандай хирургиялык операция колдонулат. Ар кандай кесип зыяндуулугу туруктуу Дүлөйлүккө алып келгендиктен жумушчулардын угуусун текшерип туруу, ызы-чуу жана дирилдөөнүн таасирин четтетүүчү чаралар көрүлүшү керек. Алдын алууда бала бакчадагы балдарды текшерүүнүн мааниси чоң. Дарылоодо ар кандай хирургиялык операция жакшы натыйжа берүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1