Ата-Бейит

Википедия дан
Ата-бейит‎»‎ барагынан багытталды)

"Ата-Бейит" - улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси.[1] Саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер. Бул жерде (Бишкек шаарынан 30 км түштүк тарапта, Чоң-Таш айылынын жанында) 1938-ж. 5- ж-а 8-ноябрдын түнүндө 138 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн.

Алардын катарында Кыргызстандын 20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик ж-а коомдук ишмерлери - Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Хасан Жээнбаев, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Султанкул Шамурзин, Иманаалы Айдарбеков, кыргыз адабияты м-н искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов ж. б. болгон. Бул массалык атуу м-н жашырын көмүү 90-жылдардын башына чейин жашырын сыр катары сакталып келген. Алардын белгисиз бейити тууралуу Таш-Төбө айылынын тургуну Бүбүра Кыдыралиева (тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө салым кошкондугу үчүн ал «Эрдик» медалы м-н сыйланган) баяндаган. 1991-ж. 12-июнда сөөктөрдү казуу башталып, июль айында аяктаган. Алардын айрымдарынын чөнтөктөрүндө сакталып калган айыптоо бүтүмү, ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик коопсуздук комитетинин ж-а СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивдериндеги материалдар б-ча атылгандардын кимдер экендиги такталып чыккан. Текшерүү көрсөткөндөй, коюлган күнөөлөр негизсиз болгон, «мойнуна алган билдирүүлөрү» адам чыдагыс кыйноо жолу м-н алынган. Аларды кайра көмүүнү уюштуруу ж-а элесин түбөлүккө калтыруу максатында өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 1991-ж. 30-августта Бишкекте аза күтүү митингиси болуп, андан соң репрессиянын курмандыктары алгач көмүлгөн жайга жакын жерге ариет-аза күтүү аземи м-н коюлган. Алар коюлган жер Ч. Айтматовдун сунушу м-н «Ата-Бейит» деп аталган. Жумурай журтка белгилүү болуп калган бул ыйык жайга Ата-Бейит мемориалдык комплекси курулган (эстелик 2000-ж. 14-июлда ачылган, комплекстин архитектору К. Алыкулов). Ата-бейитке коюлган репрессиянын курмандыктары: Абдраимов Абдукадыр, Абдрахманов Абдрай, Абдрахманов Жусуп, Абдулаев Гариф, Айдарбеков Иманалы, Айтматов Төрөкул, Азизов Ахмет, Аипов Якуб Ахун, Акимов Азим Ахун, Алиев Ибраим, Алиев Осмонкул, Алимов Азиз Ахметжанович, Андрес Сергей Михайлович, Ахмет Ахунов Баки Ахун, Ахметов Мамаджан, Байбосунов Иса, Байбосунов Сартбай, Бакиев Мамут Ахун, Белоусов Иван Захарович, Белошицкий Борис Васильевич, Бенгард Федор Егорович, Бергман Петр Юлиусович, Боровой Иван Григорьевич, Булатов Абдрахман, Булатов Юсуп Исхакович, Валл Вильгельм Давыдович, Ван Дзи-Ван-Чан-Лин, Ван-Лин-Ван, Гольцев Петр Николаевич, Горбачевский Владислав Юлианович, Дейс Фридрих Готфридович, Джавгошпаев Умуралы, Жамансариев Асанбай, Жээнбаев Хасан, Жумаев Омор, Достаев Токтосун, Зайдель Нотта Янкель Беркович, Зиновьев Яков Павлович, Зульфибаев Дали, Зунун Давлет, Зунунов Хасан Ахун, Иманбаев Мукаш, Имин Ахунов Исмет, Исакеев Баялы, Исмаилов Ибраим Ахун, Исмаилов Сакмамбет, Исмаилов Тохта Ахун, Камбаров Курман, Кан-Тай-Дю, Каримов Юсуп, Качибеков Абдулла, Кашеваров Сергей Афанасьевич, Кененбаев Керим, Киргизбаев Бахирдин, Котляров Даниил Иванович, Креницкий Людвиг Казимирович, Кузьмин Иосиф Иванович, Кулназаров Нуркул, Лепин Артур Янович, Ли-Ха Сами, Лиценмайер Владимир Августович, Лузанов Михаил Николаевич, ЛуЧан-Той, Лю-Же-Чин, Люфинг Егор Емельянович, Люфт Константин Александрович, Львов Павел Константинович, Магаз Арзы, Магай Андрей Иннокентьевич, Маметов Ахмет, Мамояров Кадыр, Мельденбергер Иосиф Иванович, Миллер Теодор Теодорович, Молдогазиев Акимхан, Мурабединов Идаит-Ахун, Мусабаев Ашур Ахун, Мухамедов Ашим, Насыров Бахтин, Насыров Майлякули, Нур Ахунов Курман Ахун, Нурдинов Гапирджан, Нурматов Керим, Өмүркулов Жоробек, Ошуров Аит Ахун, Полинкаш Андрей Амбросович, Прохоров Григорий Антонович, Рихтер Михаил Эдуардович, Сагынбаев Касым, Сакенов Ниязалы, Салихов Мурат, Сарбанов Ченгиш, Серикбаев Нурдин, Скалицкий Иосиф Францевич, Сулейманов Чекуш, Султанбеков Ешбай, Суфиев (Сопиев) Имин, Талипов Юсуп, Таранченко Григорий Филиппович, Тарковский Биакий Адзилович, Таша-Ахунов Юсуп Ахун, Токтосунов Муса, Тохтаев Бакры, Тохтахунов Исмаил Ахун, Тохтаев Сыдык, Турдахунов Тохта-Ахун, Турдиев Имин Ахун, Турды-Ахунов Ахмат Ахун, Тыныстанов Касым, Усманов Усаин, Ходжимамабаев Сабит, Ходжанов Мамет, Худайбердиев Ибраим, Хунлава Харти, Чалов Самат, Ченгазиев Алыбай, Чепизубов Петр Павлович, Чонбашев Сыдык, Чормаков Ахматбек, Чуруков Алахун, Шабдамбеков Умуралы, Шамурзин Султанкул, Шарипов Садык, Шафиков Шакир Галимович, Шевелев Александр Иванович, Шоруков Кожокан, Эсенаманов Эркинбек, Эсенаманов Тагай, Юлдашев Каримжан, ЮнСан-Син, Юрчев Борис Емельянович, Юсуп Ахунов Садык Ахун, Юсупов Абдулла, Юсупов Шарип Ахун, Янишевский Александр Николаевич, Янцен Генрих Генрихович, Яцковский Бронислав Стефанович.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920-1953-жж.) / Ред. Т.Абдырахманов. – Бишкек: Бийиктик Плюс, 2020. – Т. 1–10. – И.Арабаев атындагы КМУ. – ISBN 9789967048331

Хелимская, Регина Израилевна. Тайна Чон-Таша / Регина Хелимская. - Бишкек : Илим, 1994. - 144 с. : ил., карты, портр., факс.; 20 см.; ISBN 5-8355-0805-0

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Памятники жертвам политических репрессий на территории бывшего СССР. Мемориальный комплекс жертвам репрессий «Ата-Бейит». Сахаровский центр.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. ТОКТОМ. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө. 2016-жылдын 30-августу № 468 https://cbd.minjust.gov.kg/11803?refId=969636