Ата-энелердин педагогикалык маданияты

Википедия дан

Ата-энелердин педагогикалык маданияты – жалпысынан үй-бүлө турмушунун абалына оң таасир этүү м-н бирге, ата-энелердин пед. ишмердигинин негизин түзөт, аларга үй-бүлөлүк таалим-тарбиядагы айрым жагдайлардын алдын алууга, кыйын кырдаалда ишенимдүү чечимге келүүгө жардам берет.

Ата-энелердин педагогикалык маданияты бири-биринен шартуу көз карандысыз төрт компоненттен турат. Ата-энелер эң алды м-н социология, психология, физиология тармагындагы билимдерден кабардар болушу абзел. К. Д. Ушинскийдин сөзү м-н айтканда, эгер ата-энелер баланы «ар тараптуу» тарбиялагысы келсе, аны «ар тараптуу» билмеги ийги. Ушундан улам үй-бүлө шартындагы пед. ишмердиктин каражаттары, ыкмалары, натыйжалары ж-дөгү айкын билимдер гана алардын ишинин майнаптуулугун арттырат. Ал эми мындай билимдерди этибарга албагандык эртеби-кечпи баланын тарбиясынан сөзсүз байкалышы мүмкүн. Балдарды кантип тарбиялоо ж-дөгү теориялык билим м-н катар аларды ийгиликтүү колдонуу б-ча билгичтиктерге, көндүм-дөргө да ээ болуу шарт. Азыркы тынымсыз өзгөрүлмөлүү дүйнөдө тажрыйбаларды конкреттүү шартта чыгармачылык м-н пайдалана билгенде гана ийгиликке жетишүүгө болот. Ошондой эле ата-энелердин таалим-тарбия ишинин үзүрлүүлүгү, алардын камкордугуна, өздөрүнүн ата-энелик милдетин канчалык терең түшүнүшүнө да көз каранды.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6