Ата менен баланын касташуусу
Ата менен баланын касташуусу — дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында (уламыш, жөө жомок, эпос) кеңири таралган салттык мотив. Аталык бийликтин күч ала башташы, башта баланын атасы ким экенине кайдыгер караган энелик коомдун укуктарынын нормаларына каршы келип, эми баланын сөзсүз закондуу атасынан туулушун талап кылган. Тескерисинче болгондо ата менен никесиз туулган баланын ортосунда каршылык чыккан. Бул карама-каршылык көп элдердин оозеки чыгармаларында, айрыкча, эпостордо кеңири чагылдырылган жана «Ата менен баланын салгылашы» деген тема менен фольклористикада кеңири маалым. Бул тема «Манас» үчилтигинен да орун алып, айтуучулардын нечен муундарынын элегинен кайра-кайра өтүп, көп кырдуу темага айланган. Эпостогу кеңири белгилүү чоң эпизоддордун бири «Алмамбеттин окуясында» өз алдынча тема катары кеңири өнүктүрүлгөн (к. Алмамбет, Азизкан). Мындан тышкары эпостун үч бөлүмүнүн тең башкы үч каарманынын аталары менен кагылышы кийинки доорлордун көз карашына ылайыкташтырылганын, өзгөртүлгөн түрдө чагылдырылганын байкоого болот: 1) Манас өмүр бою өз атасы Жакып менен ыркы келишпей өтөт. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манастын туулушунун айрым белгилерине карап, Жакып ажалы акыры өз уулунан экенин сезет; 2) Семетей энеси Каныкей менен кошо балтыр бешик кезинен чоң атасы Жакып тарабынан куугунтукка алынып, таятасынын колунда эрезеге жеткенче тарбияланат, кайтып келери менен небереси Семетейди өлтүрмөкчү болгон Жакып акыры өзү өлүм табат; 3) Сейтектин өгөй атасы Кыязга каршы турушу баланын өз атасы менен касташуусу жөнүндөгү байыркы мотивдин өзгөргөн түрү болуп саналат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|