Атбаш

Википедия дан

Атбаш - тарыхый шаардын аты. Атбаш шаары жөнүндөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп», 9-к.), Кудама Ибн Жафардын «Китаб ал-харадж» («Салык жөнүндө китеп», 10-к.) деген эмгектеринде Атбаш шаар экендигин, анын географиялык ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, шаардын Тибет, Фергана ж-а Барскандын ортосунда жайгашкандыгын белгилешкен. Бул маалыматтарга караганда Атбаш 9-кылымга чейин эле кыштак же шаар болгон. Өзүнүн ыңгайлуу географиялык орду ж-а табигый шарты б-ча Атбаш 9-12-кылымда ж-а андан кийин да бүткүл Ички Теңир-Тоо үчүн маанилүү борбор болуп келген. Айрым түрк кагандары, могол эмирлери карамагындагы элди ушул жерден башкарган. Чыгыш Түркстан, Фергана, Барскан ж. б. ортосундагы соода катнашы да Атбаш аркылуу жүргөн. Атбаш көп тарыхый окуяларга, нечен кандуу салгылашууларга күбө болгон. 14-кылымдын 70-жылдарында Тимурдун жортуулдарына кабылган. 13-кылымдан Атбаш көп эске алынбайт. 1331-ж. түзүлгөн картада «Атебаши» белгилүү шаарлардын катарына кирген. Бирок андан кийинки эмгектерде Атбаштын шаар экени ачык айтылбайт. Изилдөөчүлөр Кара-Коюн өзөнүнүн сол кашатындагы Кошой-Коргон чебинин чалдыбары Атбаш шаарынын орду деп эсептешет. Бул ойду адеп ошол жерди 1894-ж. биринчи изилдеген В. В. Бартольд (1893, 1897) айткан. Н. Ф. Петровский ага кошулбай, шаар Алабуга суусунун жээгинде турган дейт. Азыркы археологиялык изилдөөлөр б-ча Кошой-Коргондун ордунда 9-14кылымда шаар болгон. Бул чепке жакын, Ат-Башы м-н Кара-Коюн сууларынын аралыгында бийик чоң дөбө (Чештөбө) бар. Андан табылган түрдүү эски буюмдар Чештөбө м-н Атбаш убагында бир шаар комплексин түзсө керек деп божомолдоого негиз берет. Шаардын атын орто кылымдагы авторлор дайыма Атбаш түрүндө жазышса, моголстандык тарыхчы Мухаммед Хайдар Атбашы деп номендин азыркы формасын берген. Хайдар Атбашыда көп ирет болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1