Атероматоз

Википедия дан

Атероматоз (гр. athera - ботко сымал) - холестерин кристаллдары жана аки таштын туздары, ботко сымал майлуу массасы бар ткандардын чогулган жери.

Атероматоз атеросклероз менен ооругандардын артериялык ири кан тамырла рынын (толто, акырек, колтук, мээ жана ийин) ички бетинде көп кездешип, тамырдын ичин карай дөмпөйүп чыгып турат. Атероматоз ар кандай көлөмдө болот (мис, толтодо бир нече см ге чейин жетет). Кан тамырдын ички кабыгындагы Атероматоз тамырдын ортоңку булчуң кабыкчасына да жаңылат. Тамырдын ички бетин тешип чыкса, ал жерде Атероматоз жарасы пайда болуп, кан уюп калууга мүмкүнчүлүк түзөт. Уюган кан тамырларды толук бүтөп калышы ыктымал. Бул көбүнчө жүрөктүн артерияларында учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.